Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алдашев Абдулкай

Баш барак | Биографиялар | Алдашев Абдулкай
Алдашев АбдулкайАлдашев Абдулкай 1919-жылы Жети-0гуз районуна караштуу Ак-Кочкор айылында туулган. Фармаколог, ветеринария илиминин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын ардактуу академиги. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек синирген ишмери, коомдук ишмер, адабий котормочу.



1939-жылы К. И. Скрябин айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бутургон. 1940-жылдары Караколдогу зооветтехникумунда окутуучу, директордун орун басары болуп эмгектенген. 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1948-1974-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунда илимий кызматкер, доцент, кафедра башчысы жана проректор болуп иштеген. 1974-1979-жылдары Кыргыз ССР ИАнын Биология институтунда директор болуп эмгектенген.



1990-жылдан Кыргыз айыл чарба институтунда лаборатория башчысы болуп, ал жетектеген лабораторияда медицинада жана ветеринарияда колдонулуучу эки дары препарат жасалган. Малдын жайыттарда уугуу ыландарынын негизги себептерин далилдеп, аларды болтурбоо жана алдын алуу теориясын иштеп чыккан. 350дон ашык илимий эмгектин, анын ичинен 30 монографиянын, 50го жакын адабий чыгармалардын, илимий табылгалардын жана ойлоп чыгаруунун автору.



А. Алдашев Кыргызстандын эмгек синирген ветврачы, Эл агартуунун отличниги. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын аксакалдар коомунун президенти жана эки 2-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз, Эл достугу, эки «Ардак Белгиси» ордендери ошондой эле медалдар менен сыйланган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 540, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу