Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алдашев Абдулкай

Баш барак | Биографиялар | Алдашев Абдулкай

Алдашев Абдулкай(1919-жылы туулган, Жети-Өгүз району, _ Ак-Кочкор айылы) - фармаколог, ветеринария илимий доктору (1965), профессор (1966), Кыргыз УИАнын ардактуу академик (1994). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1994). Коомдук ишмер, адабий котормочу. К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүткөн (1939). 1940-жылы Караколдогу зооветтехникумда окутуучу, директордун орун басары, Бишкектеги педагогикалык институтта аспирант. 1941—45-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1948—74-жылы Кыргыз айыл чарба интунда илимий кызматкер, доцент, кафедра башчысы, проректор. 1974—79-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Биология институтунун директору. 1980—85-жылы Органикалык химия институтунда лаборатория (биологиялык активдүү заттардын фармакологиясы) башчысы.

1986—90-жылы Ветеринария ил.-изилдөө институтунда лаборатория жана бөлүм башчысы. 1990-жылдан Кыргыз айыл чарба институтунда лаборатория башчысы. Ал жетектеген лабораторияда медицинада жана ветеринарияда колдонулуучу 2 дары препарат жасалган. Малдын жайыттарда уугуу ылаңдарынын негизги себептерин далилдеп, аларды болтурбоо жана алдын алуу теориясын иштеп чыккан. 350дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 30 монография), окуу китептердин, биология жана мал чарбасы боюнча терминологиялык жана орусча-кыргыча сөздүктөрдүн, окууметодикалык колдонмолордун, 50гө жакын адабий чыгармалардын, илимий табылгалардын жана ойлоп чыгаруунун автору. «Манас» трилогиясынын 150 миңге жакын ыр сабын орусчага, дүйнөлүк адабияттын классиктеринин роман, повесттерин кыргызчага которгон жана көп томдуу «Манас» эпосунун орусча котормосун редакторлогон. Кыргызстандын эмгек сиңирген ветврачы (1974), Эл агартуунун отличниги (1993). 1991-жылдан Кыргыз Республиканын аксакалдар коомунун президенти. А. эки 2-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз, Эл достугу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 493, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу