Алмаштырбас амин кислоталары

Алмаштырбас амин кислоталары – дайыма белок курамында кездешүүчү адам жана жаныбарлар организминде синтезделбеген амин к-талары. Мындай амин к-талар – валин, лейцин, фенилаланин, треонин, лизин, триптофан жана башка кирет. А. а. к-дагы көмүртек атомунун окистенүү даражасы – алмаштыруучу амин к-таларга салыштырмалуу оң зарядда болушат. Эгерде жаныбарлардын азыгында бир же бир нече А. а. к. жетишсиз болсо, алардын нормалдуу өнүгүшү бузулат, себеби организмде белок синтезделүү деңгээли төмөндөйт. Азык заттарга А. а. к-ды кошкондо айыл чарбасынын эффективдүүлүгү жогорулайт. Мис., 0,2-0,5% лизинди кошкондо канаттуулар жана чочко чарбачылыгы өндүрүмдүүлүгү 10-13% жогорулайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)