Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алп Сол (Табу Хэцзу, Тапу)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Алп Сол (Табу Хэцзу, Тапу)

9-кылымдын орто ченинде ошол мезгилде Борбордук Азиядагы күчтүү мамлекет - Уйгур кагандыгынын бийлиги кыргыздар тарабынан талкалангандан кийин анын ордуна Улуу кыргыз дөөлөтү пайда болду. Кыргыздардын бийлиги чыгыштан батышка карай - Чыгыш Монголиядан Ысыккөл менен Жетисууга чейинки, түндүктөн түштүккө карай - Сибирден (Томск менен Красноярск аймагы) Улуу Кытай сепилине чейинки зор аймакка тараган. Ушул Улуу кыргыз империясын негиздөөгө зор салым кошкон жана кыргыз каганынын Уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында кыргыз аскерлеринин сол канатын жетектеген Алп Сол деген баатыр болгон. Ал бул согушта чоң эрдиктерди көрсөткөн. 843-жылы март айында Алп Сол Кытайга элчи катары барган. Кытай императору аны сый-урмат менен тосуп алып, Кытай менен Кыргыз мамлекеттеринин ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. Элчи мындан сырткары эки мамлекеттин ортосунда соода иштерин жандандыруу үчүн да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Алп Солдун мындай ийгиликтүү элчилик аракеттеринен соң кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн. Ошол учурда жазылып калган кытай тарыхый булактарында анын ысмы Табу Хэцзу деген ат менен да эскерилет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 10447, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу