Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алжир

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Алжир

Бул - Африканын түндүгүндөгү мамлекет. Алжир аймагынын көпчүлүк бөлүгү мээ кайнаткан Сахара чөлү. Мында учу-кыйры жок талаа, жал-жал болуп үймөлөнгөн кум, күн кактаган аскалар гана учурайт. Ар кайсы жерде гана оазистер - булак тегерегиндеги курма токойчолору кездешип, анда калк жашайт. Чөлдүн айрым жерлеринен гана бир короо койду же бир топ төөнү айдап, жаңы конуш чалып көчүп бараткан малчыларды жолуктурууга болот. Атлас тоолору Жер Ортолук деңиздин жээгин Сахарадан бөлүп турат. Бул жер бүт бойдон жапжашыл түскө чөмүлгөн. Алжирликтер дөңсөөлөрдүн боорлорунда жана ойдуңдарда апельсин, лимон, жүзүм, зайтун дарагын, жашылчаларды өстүрүшөт жана дан эгиндерин айдашат.

Өлкөдөгү калктын көпчүлүгү бул жерде жашайт. Алардын негизги кесиби - айыл чарбасы. Республиканын эң ири шаарлары - Алжир (арабча аль-Жезаир - арал деген сөзүнөн алынган, өлкөнүн борбору) менен Оран да ушул жерде жайгашкан. Алжирдин негизги байлыгы - Сахара чөлүнөн табылган нефть менен газ. Аларды казып алуу өтө кыйын. Суу жок. Азык-түлүк сыяктуу эле, сууну да алыстан ташып келишет.

Алжирликтер үч жерден Сахара аркылуу деңиз жээгин көздөй нефть өткөргүч түтүктөрдү алып өтүштү. Чөлдүн бети Жер Ортолук деңизге карай жантайыңкы болгондуктан түтүк менен өзү эле агат, айрым жерлерде гана аны насос менен айдатуу керек болот. Алжирдин аймагында көп убактар бою чет элдик баскынчылар биринен сала бири кожоюндук кылып келишкен: Байыркы Рим империясы, андан кийин 7-кылымда арабдар басып алат, 16-кылымдын 1-жарымынан баштап Осмон империясынын бийлигине өтөт. 1830-жылы Алжирди Франция басып алып, колонияга айландырган. Алжирди француз баскынчылары 130 жыл бою талап, тоношкон. Алар бул өлкөдөн дан, нефть, көмүр, металл ташып кетип турушкан. Ал эми алжирликтердин өздөрү болсо түшүм бербеген кунарсыз жерлерге сүрүлүп, шаарлардын четтериндеги топурактан салынган жалпак тамдарда күн көрүшкөн, ачарчылыктан жана оорудан азап чегишкен. Бирок алжирликтер баскынчылардын үстөмдүгүнө моюн сунган жок. Алжирдин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн болгон согуш жети жылга созулду. 1962-жылкы бул согуш алардын жеңиши менен аяктаган.

Алжирликтер талыкпаган эмгеги менен көп ийгиликтерге жетишип, жаңы фабрика, оорукана, мектептер курулду. Өлкөдө бардык балдар окушат. Азыркы күндө Алжир Африка континентиндеги мамлекеттердин ичинен экономикасы бир кыйла жогору, дыйканчылыгы, газ жана нефть өнөр-жайы өнүгүп жаткан мамлекет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3776, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу