Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аныр уламышы

Баш барак | Жомок уламыштар | Аныр уламышы

Илгери откон заманда бир абышка менен кемпирдин жападан жалгыз бир кызы бар экен. Экоо улгайганда коргон кызын бополоп, озгочо эрке остурушуптур. Кызы келбеттуу, сулуу жана сымбаттуу экен. Кыз чоноюп, бойго жетет, абышка менен кемпир болсо, алдан-кучтон тайышат, оор котортпой, женилге желпинтпей, эрте тургузбай, жумуш жасатпай, жокту коргозбой, жакшы менен жаманды айырмалап билгизбей остургон кызы мерез, ташбоор болуп чоноёт. Ата-энесин карабай, озунун боюн гана тузоп, сулуулугуна таянып, мага эч ким жана эч нерсе кереги жок, сулуу чырайым, сымбатым менен бул жашоодо кор болбойм деген ой менен жашап журот экен кыз. Кундордун биринде анчылык кылып жургон хандын баласы кызды коруп дароо жактырып калат. Жуучу жонотуп, кызга куда тушуп, кызга уйлонуп экоо баш кошушат. Абышка, кемпирге хан калын толоп берет. Кундор ото берет. Абышка, кемпир бир кундордо, кой кызыбызды коруп келели дейт дагы, хан сарайына жоношот.

Кыз ата-энесинин келгенин билип, желдеттерге эшиктерди кулпулап, киргизбей койгон экен. Ошентип, абышка менен кемпир бир нече жолу кызына келип, кызын коро албай кете беришет. Бир топ убакыт отот, абышка, кемпир бир чети карылыктан, бир чети кайгыдан чогушуп, алдан-кучтон тайышат. Хан берген мал дагы бутот. Кароосуз калган ата-эне ошондо кызына аябааай нааразы болушуп, тенирге жалынып-жалбарышкан экен: - О, кудай, кызыбызды бополоп остурдук эле, жокту сездирбей, чымын кондурбай, колодо остурдук элек. Эми болсо бизди эсине албай, улгайганда карабай баса берди, - деп зарлашыптыр. Алардын зары тенирдин кулагына жетип, тенирдин ачуусу катуу келип каргап салган экен: - Адам кейпинен алыстап, арам куш болуп кала бер, турган жерин жар болсун, бала-чакан сууга жетпей зар болсун, озун болсо омур бою зарлап анкылдап от, - дептир. Ошондо коп отпой баягы сулуу, чырайлуу хандын келини кушка айланып калыптыр дешет. Анкылдап учкан учун анын атын «Аныр» деп коюшуптур.

Анырдын этин адам жебейт. Жумурткаларын тоо бооруна тууйт. Балапандары сууга жетпей, кокту, колот, арыктар менен арандан зорго колго жетишет. Жетпей бир тобу олот. Ал эми озу болсо омур бою анкылдап учуп калыптыр дешет.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1770, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу