Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Туралы аңыз

Баш барак | Адабият | Туралы аңыз

Кыргыз мифтери мазмуну жагынан сыйынуу жөнүндөгү рух мифтер же "Туралы аңыз", ааламдын, заттардын жаралыш жөнүндөгү мифтер, табияттан сырткаркы сыйкырдуу күчтөр жөнүндөгү мифтер, тотемдик мифтер болуп төрт чоң түргө бөлүнөт. Тактап айтканда, байыркы бабаларыбыз Жаратканга, Теңирге, Умай энеге табынган, Жер-Сууга тайынган, ата-бабалардын арбагына сыйынган, Отту куттуу касиет көргөн.

Андан башка толгон ыйык касиет туткандары да болгон.Пирлер.Кыргыз аңыздарында көптөгөн пирлер, ыйыктар бар. Кыргыз элинде байыртадан макал сөз келет: «Пейли жакшы кем болбойт, пири болбой эл болбойт».



Эл аны жер каймактагандан бери айтып келген. Ал пирлер өздөрүнөн мурда адамдын өмүрүн, амандыгын, сырткы коркунучтан, балээден күрөш менен коргойт деген. Учурунда ар бир Пирдин керемет белгиси болгон.



Кыргыздардын мифтик жана баштапкы диндик түшүнүгүндө ааламдагы ар кандай нерсенин, заттардын, жан-жаныбарлардын жаратканы, теңири, ээси, колдоочусу болот, алар калкалоо, колдоо, сактоо милдетин аткарат. "Туралы аңыз" күнөөлүүлөрдү ошолор жазалап, баш ийдирип турат деген түшүнүк болгон. Инсанат жаратканын, теңирин тайыган, сыйынган, андан жакшылык күтүп, анын алдында аруу жүргөн. Заттардын, айбанаттардын ээлерин ыйык билген да, аздектеген.



Байыркы кыргыздардын аңызынын, пирлеринин, ээлеринин кээ бир ысымдары азыркы кезде рухий маданиятта, басмада айтылбай унутулду жана бөлөк көчмөн уруулардын, элдердин мифтерине оолашып, бутташып кетти. Айрым жазмаларды "туралы аңыз" эзелки кыргыз аңыздарында 99 пирлер болгонун эскеришет. А бирок, оозеки санжырада, жазма тарыхта алар алиге толук тактала элек.

Жайгаштыруу: 2017-08-10, Көрүүлөр: 1026, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу