Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арбак

"Арбак" - Ата-бабанын арбагына таюу кыргыз рухунун баштапкы түшүнүктөрүнүн бирөө эсептелет. Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө адам өлгөн менен анын арбагы ошол эле боюнча калат. Ал арбак ошол адамдын сөөгү коюлган чөйрөдө жүрөт. Ал урпактарынын туугандарынын тиричилигине көз салат, билип турат. Арбакка тайынса анын атына атап «түлөө чалса» арбак ар дайым колдоого даяр турат деген ишеним болгон.

Арбакка таюу, аны ыйык билүү кыргыздарда тээ мифтик доордо, атап айтканда, айбандарды тотемдик сыйынган доордон башталса керек. Себеби, кыргыздар көрүстөндөргө кулжа, бугу сыяктуу ыйык жаныбарлардын мүйүзүн коюшкан. Вул ата-бабанын арбагын ыйык тутунуп тайыганын күбөлөйт.



Кыргыз мифтеринде ата-бабанын арбактары бала-бакыраларын, кийинки урпактарын колдоп, аларды кырсыктан жылоолоп чыккандыгы жөнүндө баяндар айтылат. Алар жөнүндө наристе элестетилген көркөм адабияттар жаралган. Ата-бабанын арбагына табынуу мифтик түшүнүктүн наристе элестетүүсү менен көркөм адабиятка көтөрүлгөн түрүн «Манас» эпосунан ырааттуу жолуктурабыз. «Манас эпосунда» Манастан кийинки кырк төрт баатыр жоого аттанганда, кандайдыр бир оор абалга кабылганда «Манастын күмбөзүнө» түлөө өткөрүп, арбагына тайыган. Манастын арбагы аларды колдоого алган. Айтылган бул эпостон улам кийинки урпактары Манасты баш кылып, ата-бабаларынын арбактарына дайыма кайрылып турган. "Арбак" да аларды оор абалдан куткарып кырсыктан сактаганы баяндалат. Ата-бабанын арбагы колдоого алганы кыргыз түшүнүгүндө эки түрдүү эсептелет.



Биринчи түрү, арбагын чакырса, арман кылып эсине алса, ашкере көрүнүп келип колдоого алат деп элестеткен. Демек, кыргыз рухунда ата-бабанын арбагына таюу, сыйынуу, андан көмөк күтүү абдан кенен орун алган. Ошого кыргыздардын мифтик баяндарында «ата-бабанын арбагы» жөнүндөгү көркөм элестетүүлөр арбын кезигет. Биздин ата-бабалардын "арбак" ишенимдери ушундай болгон экен.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 1041, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо