Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арча

Баш барак | Өсүмдүктөр | Арча

Арча (латынча Juniperus) — Кипарис (Cupressaceae) түркүмүндөгү түбөлүк жашыл, ийне жалбырактуу бадалдар жана дарактар түрү.

Арча
Арча
Илимий классификациясы
ДоменЭукариоттор
ПадышалыкӨсүмдүк
БөлүмИйне жалбырактуулар
КлассИйне жалбырактуулар
ИретКызыл карагайлуулар
ТүркүмКипаристер
ТүрАрча

Жалпы маалымат

Арча жыттуу, пайдалуу дарак же бадал түрүндөгү өсүмдүк. Ал дайыма көк-жашыл болуп, жаратылыштын көркүнө көрк кошот. Арча жаратылыш шартына жараша бирде коюу, бирде суюк өсөт. Адамдар аны абаны тазартуу жана дары-дармек жасоо үчүн да колдонушат. Тоолордо нымды жакшы сактайт. Токойлордон 800-1000 жаштагы арча дарактарын кезиктирүүгө болот. Кыргыздар байыркы убактан эле арчадан түрдүү турмуш-тиричилик буюмдарын (бешик, айырмач, идиш-аяк ж. б.) жасашкан. Арча токою Кыргызстанда 316,7 миң гектар аянтты ээлейт (2016). Ал таштак жерлерге да өсөт. Кургакчылыкка чыдамдуу келет. Жер кыртышын кыян-селден сактоого жардам берет.

Деңиз деңгээлинен 1000 метрден 3600 метрге чейинки бийиктикте өсүп, 1000 жылга чейин жашайт. Кыргызстандын аймагында арчанын 5 түрү бар. Алардын ичинен сары арча, кара арча, өрүк арча кеңири таралып, арча токойлорун түзөт. «Бадал арча» менен «жапалак арча» бадалча түрүндө өсөт. Алай, Чаткал, Талас, Түркстан тоолору арчалуу токойлорго бай келет.

Бадал арчалар республикабыздын бардык тоолорунда кездешет. Арчанын жалбырактары майда, бутактары ичке келип, уругу тобурчактын ичинде өнөт да, күзүндө бышат. Уругун жерге сепсең, бир жылдан кийин өнүп чыгат. Арча өтө жай өсөт. Анын көчөтү 4-5 жылда 10-15 смге араң жетет. Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргызата арча токою дүйнөгө белгилүү. Анда арчаны изилдөөчү атайын станциясы бар.

Арчанын жыгачы катуу жана бекем болот. Аны көбөйтүү үчүн атайын питомниктер иш алып барат. Мындан тышкары арчанын түтүнү кыргыз салтында түрдүү жин-шайтандарды үйдөн арылтуу, жакшылыкты чакыруу максатында колдонулуп, жыл сайын Нооруз майрамында Умай эне жакшы тилектерди тилеп, элди арчалайт. Ал гана эмес арча уламышы дагы бар.

Жаратылыштын көркү болгон арчаны көбөйтүү жана сактоо баарыбыздын милдетибиз.

Ботаникалык баяндалышы

Арча түрүндөгү бадалдар же дарактардын 70 чейин түрү белгилүү. Бүтүндөй Түндүк жарым шардын бардык жеринде өсөт, ал гана эмес Африкада дагы. Ошого карабастан өсүмдүктү кеңири жайылган деп айтууга болбойт: ар бир түрдүн өзүнүн өзгөчө жана анча чоң эмес, жагымдуу табигый жана климаттык өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон ареалы болот.

Арча бутагы жана андагы мөмөлөр

Көбүнчө эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү. Дарагынын бийиктиги 5-20 м. Жалбырактары майда ийне сымал, ичке бутактарга тыгыз жабышып, түрпүчүлөр түрүндө болот. КМШ өлкөлөрүндө арчанын 30дай түрү бар. Көбүнчө Орто Азияда жана Кавказда өсөт.

Өсүмдүк бийиктиги 10-20 метрлик даракты же 3,5 метрге чейинки бадал түрүндө. Мунун ичинде эргежээл, жайылып өскөндөрү да бар. Чокусу жетишээрлик түрдө жыш жана тыгыз, бутактары ийне сымал жалбырактар менен капталган.

Бүчүрлөрү жылаңач, кабырчыксыз, кээде жабышып турган жана кыска жалбырактар менен курчалган.

Жалбырактары кылка бутактарында үчтөн, ийне жана кабырчык сымал, турукташып калган, сызыктуу-ланцеттик, калпакчасынан бутчасына өтмө негизи менен, үстүндө ооз сымал сызыгы бар. Бөлүнбөгөн же бөлүнгөн ортосунан жана узатасынан кеткен тарамышчасы бар. Же жаш өсүмдүктөрдүн жалбырактары ийне жалбырак өңдүү, ал эми жетилген өсүмдүгүндө — майда, кабырчык өңдүү, жаш бутактарына жабышып турат.

Эркек машактары жалгыздан же бир нечеден, өткөн жылкы жаш бутактардын жалбырактарынын астында же каптал жаш бутактардын аягында. Ургаачы машактар кыскартылган бутак коюнчаларында же аягында.

Жемиш сымал тобурчак тыгыз бекилген кабырчыктардан туруп, жабык түрдө. Формасы шар өңдүү же бираз сүйрү. Диаметри 1,5 смге чейин. Тобурчак экинчи жылда жетилет.

Өстүрүү

Арча, ордун тез-тез которуштурууну жактырбайт, мындан тышкары күндү жакшы көрөт, бирок ошол эле убакта ысык күндөн жабыркайт. Отургузууда аралыктары 0,5 метрден 2 метрге чейин болушу зарыл. Топурактын семиздигине көп маани бербесе дагы өсүмдүктү чым көң, кадимки чым жана кум аралаштырылган топурак менен көмүү сунушталат, пропорциясы 2:1:1. Мындан тышкары ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн жер семирткичтеринен берилет.

Идиштеги өсүмдүктөрдү ачык топуракка апрелден октябрга чейин отургузат, ачык тамыр системалуу көчөттөрдү — эрте жазда же күзүндө.

Тамыр моюнчасын жердин деңгээлинде калтырып өтө терең көмбөйт. Чуңкур дагы ушуга жараша казылат. Топуракты анча-мынча таптап, сууну мол куят, андан кийин сөзсүз түрдө үстүн саман, жалбырак же башка органикалык материал менен жаап коет (орусча мульчирование). Жаңы отургузулган өсүмдүктөрдү эки жумадай күндөн коргоо керек, өзгөчө жай мезгилинде. Ал үчүн өсүмдүктүн айланасына каркас жасап, орточо көлөкө түшүрүүчү материал менен жаап коёт (тыгыздыгы 30-40 г/кв. м).

Арча — кам көрүүнү анча көп талап кылбаган өсүмдүк. Отургузгандан кийин биринчи айларда жумасына 1-2 жолу сугаруу зарыл. Топурагын жумшартуу, ото чөптөрдөн арылтуу иштерин абайлап жасоо керек. Жетилген өсүмдүктөр кургактык мезгилдеринде гана сууга муктаж.

Кышында ачык бойдон (коргоосуз) кыштайт, бирок орто жана бийик өскөндөрдүн шактары катуу бороондордо сынып калбоо үчүн ороп коюууну сунушатат. Мындай коргоо ийне жалбырактуу өсүмдүктү кыштын аягындагы күн нурларынан дагы сактайт.

Арчанын зыянкечтери көп болгондуктан уруктарынын өнүмдүүлүгү 10-30%дан ашпайт. Ошондуктан арча токойлорун калыбына келтирүү иштери кыйынчылыкты туудурат.

Арча каралжын топурагы — мээлүүн алкактын субальп аймагындагы жапалак арча токою өскөн жердеги тоо топурагы. Тескей Ала-Тоодо деңиз деңгээлинен 3000-3300 м бийиктикте, ал эми Алай, Түркстан тоолорунда деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте болот. Топурактын катмары жука нымдуу, муздак, 50% жакыны таштуу келет. Үстүнкү 2-3 сантиметрин токой өсүмдүк көңү түзүп, астыңкы күңүрт түстүү катмарынын 12-15% чиринди, өсүмдүккө сиңиримдүүлүгү абдан жогору (100 г топуракта 50 мг экв). Механикалык курамы оор кумайлуу, суу тундурмасы pH 5,7—7,5. Бул топурактын ным топтоодо жана топурак эрозиясын болтурбоодо мааниси чоң.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 25886, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу