Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арча бешик

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Арча бешик
СөзүБ. Абакировдуку
ОбонуА. Бөдөшовдуку

Күндөн-күнгө ачып эшик,
Өмүр өтөт сууну кечип.
Өмүрлөргө улай көргүн,
Биз бөлөнгөн арча бешик.

Термеле бер, термеле көр,
Акжолтоюм арча бешик.
Балалуу үйдө ырыс-кешик,
Бала баса уйку кетип.

Ар бирөөнү кубантса экен,
Сүйүнчүлөп эшик чертип.
Термеле көр, термеле бер,
Кут куюлган арча бешик.

Жыргалдуу күн турмуш жаңы,
Көбөйсө экен бала саны.
Бала бакыт жаркыраган,
Келечектин күйгөн шамы.

Термеле көр, термеле бер,
Акжолтоюм арча бешик.
Бала деген ичти эзип,
Борс-борс күлсө кайгы кетип,
Жыргай түшөт ата-эне,
Айга, күнгө колу жетип.

Термеле көр, термеле бер,
Акжолтоюм арча бешик.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 6761, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-08-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо