Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Архимед

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Архимед

Биздин заманга чейинки 287-212-жылдар. Байыркы Грециянын эң улуу окумуштууларынын бири. Силерди Архимеддин бир ойлоп чыгаруусу менен таанышсыңар деп айтууга болот. Бул - эт туурагычтын ичиндеги бурама сыяктанган айланма тетиги. Аны айландырганда эт бураманын сайы менен жылып олтуруп эт туурагыч бычактарга барат. Бул тетик Архимед винти деп аталат. Архимед аны эт туурагыч үчүн эмес, айдоо аянтын сугаруу максатында суу сордургуч машина үчүн ойлоп тапкан. Архимед винти ар түрдүү машиналарда пайдаланып, чубурма жүктөрдү жүктөп-түшүрүү, заводдо тетиктердин ордун которуштуруу үчүн колдонулат. Мектепте физика сабагында силер Архимеддин эмне үчүн чоң-чоң кемелер сууда сүзө ала тургандыгын түшүндүргөн закону менен таанышасыңар.

Архимед рычаг мыйзамын да изилдеген. Анын мага таяныч таап берсеңер, жерди да ордунан жылдырып берем дегени бар. Архимедди мактанып койгон деп айтууга болбойт. Ал мунун баарын так эсептеп чыккан. Архимед өзү туулуп-өскөн Сиракуз шаарын коргоо үчүн көптөгөн таң калыштуу согуштук машиналарды ойлоп тапкан. Римдиктер Сиракузга чабуул койгондо Архимеддин согуштук машиналары душмандын кемелерин чөктүрүп, бычыраткан, жоокерлерин жок кылган.

Бирок шаарды коргогон аскерлер жер жайнаган рим аскерине салыштырганда өтө аз жана начар болгон. Ошондуктан римдиктер Сиракузду басып алышкан. Окумуштуунун үйүнө жулунуп кирип келген рим жоокери ящиктеги кумга сызылган геометриялык фигураларды эңкейе карап турган карыяны көрөт. Чиймеге жакындаба! - деп кыйкырат Архимед. Жоокер жооп бербестен кылыч шилтейт. Улуу окумуштуу оз чиймесин каны менен жууп, кумга кулап түшөт. Уламышта Архимед ошондо болжол менен 75 жаштарда экен деп айтылат.

Математика жана физика илимдеринин пионери, механиканы илим катары түзгөн бул адамдын ысымы тарыхта калды.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4320, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо