Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан мырзалар

Арстан бул - мырзалардын империялык бийлигин чыгылдыруучу, алардын өзүн хан жана олуттуу башкаруучу ички сезимдеринин белгиси. Айкөл жана берешен бул мырзалар дайыма мыкты сүйүүчүлөрдүн жана суктануучулардын ролунда болот. Булар канчалык назик болсо да, ошончо деңгээлде кумардуу болушат. Мындай мырзалар өзүнө татыктуу жана Арстандар үчүн гана жаралган айымдарды издөөгө умтулат. Бул мырзалар жеңилип калуу дегенди билбейт жана мындайга чыдабайт, ошондуктан кандайдыр бир айым тарабынан көңүл кош мамилеге дуушар болуп калаарын элестете албайт. Кудай бербесин, бирок Арстандар ошондой көңүл кош айымга туш болсо, жинин келгенинен жана түшүнбөстүктөн, өзүн өз ичинен кыйратып салышы мүмкүн.



Арстан-мырзалар көркөм жана жаркын комплименттерге туруштук бере албай, андай комплименттер айтылганда булардын павлиндикиндей куйрук-канаттары жайыла түшөт. Ийгиликтүү башкаруучу натуранын артында, жоош жана үй-бүлөөчүл адам жашынып турушу мүмкүн. Бирок жакын туугандарынан башка, аны эч ким көрө албайт. Ийгиликсиз Арстан болсо, тескерисинче, аялынын дарегине эң төмөнкү кемсинтүүлөрдү айтып, жашоодогу жеңилүүлөргө жана ауттарга аялын гана күнөөлөгөн, мамилелердеги адам чыдагыс тиран болушу мүмкүн. Ал эми Арстан-мырза бойдок болсо, мындай мырзаларды асманга чейин көтөрүп, аны менен суктанып жана кудайындай көрүү абзель. Андай болбосо, булар, көз алдында, суусу жок калган гүлдөй соолуйт.



Арстан-мырзалар ушунча кызганчаак болуп, ал сезимдери электр тогундай чыртылдап турат. Бул - үрөй учуруучу өзүмчүлдөр өз түгөйүнөн өзүнө толук берилишин талап кылат, жан дүйнө, денеси жана акыл-эси жагынан. Булардын импульсивдүү мүнөздөрү өз түгөйүнөн сүйүүсүн тастыктоо үчүн жөнөкөй айым эркелиги же тамашалуу флирт жетишсиз. Мындай нерселер анын кадыр-баркына катуу тийип, аларды жиндендирет.



Арстандар жумуштагы же үй-бүлөөдөгү атандашууга чыдабайт. Эгер буларга сүйгөндөрү, өзүлөрү татыктуу деп ойлогон көңүл жана сый сезимдерин берип турса, Арстандар сүйгөнүнө чоң ишенимдүүлүктү жана жоомарттыкты тартуулайт.



Арстан-мырзалар каалаган ашынанын башкы адамы болот. Бирок, булар эч качан маскарапоздун ролунда болуп, башкалар тарабынан шылдын күлкүлөргө жол бербейт. Бул мырзалар дайыма эмнеге умтулууну, ага кантип жетүүнү, жана кандай ыкма менен ишке ашырууну билишет.



Айтып коюуу керек, өзүнүн табияттагы жумшактыгына карабастан, булар көп учурда башкалардын санааларына көңүл кош болушат. Кээде буларда өзүнүн мен дегени ушунча деңгээлде пайда болуп, өзүнүн башкаларга болгон адепсиздиги ачык-айкын көрүнө баштайт.



Арстандар ар кандай болушу мүмкүн: ак көңүл жана жоомарт, коркунучтуу жана эгоист. Бирок, булар дайыма кырдаалдын кожоюну жана жагдайдын башкаруучусу болууга умтулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1594, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо