Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан жана чаян

Баш барак | Гороскоп | Арстан жана чаян

Албетте, Чаяндын күчтүү мүнөзү карама-каршы жыныстагы түгөйүнө кызыктар.



Чаяндар менен Арстандардын биримдиги көп учурда иш шериктештигинде түптөлөт. Бул альянс диманикалуу болот. Арстандар үчүн толук сезимталдуу жашоо маанилүү, Чаяндар болсо физикалык жайлуулуктан көз каранды. Эгер Арстандар мамилелердин материалдык жагын өзүнө алса, Чаяндар абдан бактылуу болот. Жана бул сезимдерин алар Арстандар менен бөлүшүүгө каршы болбойт. Тегеректиктин учтары кошулуп, эки шериктешти көп жылдар бою бириктирип туруучу, кандайдыр бир көзгө көрүнгүз жипче пайда болот. Бул Чаян менен Арстанды бир багытта кадам шилтеп, бир максатка жетүүгө зарыл кылат. Бирок, Чаяндардын ачык болбосо да, кырдаалдын кожоюну болууга дайыма умтулуусу бар экенин эстен чыгарбоо зарыл, ал эми Арстан болсо абдан күчтүү лидер. Арстандар суктанууга жана баш ийүүлөргө муктаж, Чаяндар болсо көп учурда айланасындагыларды байкабайт. Булардын сапаттары стресстик кырдаалдарда жакшы билинет. Чаяндар эч качан муздак кандуулугун жоготпой, кантип жана кандай учурда жардамга келүүнү дайым жакшы билет. Сезимдерге токтоо келип, чаяндар дайыма өзүнүн назик жана жаралуу жан-дүйнөсүн чебердик менен сырдуу кармашат.



Бул түгөйдөгүлөрдүн максаттары бир, экөө тең карьералык өсүүгө жана ийгиликке умтулат, жана бири-бирин мыкты түшүнүп, дайыма чечүүчү мүнөттөрдө жардамга келишет.



Экөө тең өз баасын билип, өз күч-кубатында ишенет. Мындай мамилелерде башкы роль дайыма сезимталдуулукка жана амбицияларга бурулат. Чаяндар философия ойлоруна чөмүлгөндү жакшы көрүп, бул процесске жерде турган Арстандарды да тартат.



Эгер Чаяндар жетишээрлик материалдык жетишкендиктерди камсыз кылса, Арстандар үй иштерин кубануу менен алып барууга даяр. Бирок Арстандар акчаны эсеби жок коротконду жакшы көрүшөт, а бул үнөмдүү жана сарамжалдуу Чаяндар үчүн чыныгы шок болушу мүмкүн. Ошондуктан, мындай учурда бири-биринин акчаны эмнеге коротконун контролдобогондо гана компромисске жетүү болот.



Чаяндардын кайнаган сексуалдык фантазиялары мамиленин башында Арстандарды кызыктырышы мүмкүн, бирок кийинчирээк Арстандарга ачык-айкын камкордук керек болот, жана бул камкордук кармап-туюууга болгон кымбат камкордук болсо жакшы болот. Эгер Арстандар өзүнүн муздак наркын көп көрсөтө берсе, Чаяндар Арстандарга болгон кызыгуусун жоготуп коюуусу мүмкүн. Чаяндардын кызгануусу Арстандарды тең салмактуулугунан чыгарышы мүмкүн. Арстандарга Чаяндардын сараң көңүлү жана суктануулары жетишсиз боло бермекчи.



Чаяндар өзүмчүлдүк амбицияга ээ болуп, Арстандар мындайда доминант болот. Ошондуктан мындай никеде түйшүктөр аз эмес. Бирок карама-каршылыктарга карбастан, аракет кылышса, түгөйлөр бири-бирине жакын адам болуп калышы мүмкүн. Эгер биримдикте, мамилелердин башында шериктештик жана тең мамилелер орносо, анда мындай биримдик узак убакытка созулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1236, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо