Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан жана тараза

Баш барак | Гороскоп | Арстан жана тараза

Абдан ийгиликтүү айкалыштар. Таразалар ак ниеттүү жана мамилечилдүү, меймандос. Коомдук жашоону жактырат. Адамдарды жакшы баамдай билет. Негизинен Арстандар үчүн бул жагымдуу жана жакшылыктуу өнөктөш. Анткени, Таразалар жетишээрлик тынчтыктуу сүйүүчү жана тынч болуп, алар Арстандардын агрессиясын жана тырышчаактыгын тең салмактуулукка келтирет. Арстандар үчүн бул эң ийгиликтүү өнөктөштөрдүн бири. Анткени, Таразалар Арстандардын чыгармачылык потенциалын толук ачууга жардам берип, активдүү иш-аракеттерге түрткү болот. Арстандардын интеллектуалдык иш-аракети жакшы өнүгүп, жалкоосу кармап, көңүл бурбаган жумуштарга кызыгуулары көрүнө баштайт. Ошону менен бирге Арстандар, чечим кабыл алууда көп ойлонуучу Таразаларга, кандайдыр бир түрткүнү жана камкордукту берет. Жана Таразалар да өзүлөрүнө маанилүү болгон мындай өнөктөшүнүн камкордугун жөн териси менен сезет. Бул жаатта Арстан менен Таразанын биримдиги идеалдуу болот.



Арстандар үчүн да, Таразалар үчүн материалдык жетишкендик маанилүү ролду ойнойт. Ошону менен бирге таразалар искусствону жана кооз кымбат буюмдарды жактырып, алар аркылуу өзүн көрсөтөт.



Ал эми Арстандын материалдык жетишкендик жөнүндө өз көз карашы бар, ушуга байланыштуу Таразаларга бийик планканы кармоого зарыл болот, бул өз ара мамилелерде жана Таразалардын ден-соолугунда ошол замат чагылдырылат.



Мындай түгөйлөр материалдык жетишкендикке жана ак сөөктүк жашоо алып барууга жаралган десек ашык болбос. Экөө бир жүргөндө, бири-бирин зээриктирбейт, анткени булардын максаттары бир.



Бул түгөйдүн мамилелери жөнөкөй жана жакын. Бирок, күнүмдүк жана үй-бүлөөлүк тиричилик бул биримдикти бузуп салышы мүмкүн. Анткени, таразаларга үй-бүлөөлүк түйшүктөрдүн жүгүн алып жүрүү оор, Арстандар болсо мындайды жактырбайт. Таразалар үй-бүлөөлүк жайлуулукту жактырат, бирок көп учурда өз жоопкерчиликтерин Арстандар сыяктуу коомдук жашоо менен алмаштырат. Башкысы мындай биримдикте - жоопкерчиликтердин туура бөлүштүрүүсү керек. Эгер Таразалар биргелешкен жашоонун материалдык жагын, ал эми Арстандар үй-тиричилигин алса жакшыраак болот.



Бирок, экөө тең карьера жана социалдык жактан реализациалоого чечим кабыл алышса, келишпестиктер жана маселелер чыгышы мүмкүн. Жана бул абалда Арстандар өз каалаганын жасайт, ошондуктан жол берүү Таразаларга оңой болот.



Таразалар романтиканы күнүмдүк жашоодо гана эмес, интимдик мамиледе да жактырат, Арстан болсо, кааласа, экөөнүн мамилелерине алоолонгон сезимдерди алып келет. Арстандардын физикалык жакындыкка болгон мамилеси физикалык мүнөздө болот, бирок Таразалар да сезимдерге мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, Таразалар Арстандарга суктануусун көрсөтүп турууну унутпоо зарыл, өзгөчө интимдик жаатта. Ал эми Арстандар болсо өзүнүн агрессивдүүлүгүн башкара билүүсү зарыл. Башка жаатта булардын мамилелери тең салмактуу жана гармониялуу.



Болгону Арстандын полигамдуулугу(көп аял алуу) маселе жаратышы мүмкүн, Таразалар болсо - өнөктөштүк белги болуп, экөөнүн биримдигине үчүнчүнүн кирип келүүсүнө чыдабайт. Арстандарга өзүнүн ээликтери болуусу зарыл. Бирок үйлөнгөндөн кийин арстандар ак ниет жана ишенимдүү болуп калат. Өз ара компромисстер менен мындай биримдикке жагымдуу жана узак мөөнөткө созулган айкалышуу кепилдик болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1078, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу