Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан жылдызы

Баш барак | Гороскоп | Арстан жылдызы

Арстан жылдызы — бул бийиктиктин жана хандыктын, ошону менен бирге булар айкөлдүктүн, жардамын аябагандыктын жана сыймыктын белгиси. Арстандар өзүн өркүндөтүүгө жана лидерликке умтулуп, бийик кадыр-барк сезимдерине, өзгөчө күч-кубаты жана башка адамдар арасындагы кадыры менен айырмаланат. Бул зодиак белгиси башка зодиак белгилердин арасындагы эң жоомарт белги. Бирок көптөгөн Арстандар боорукердин маскасын кийип, чындыгында андай болбой, болсо да, кандайдыр бир иш-аракеттерди өз дарегине мактоо алуу үчүн жасайт.

Арстандар дайыма өзүлөрү менен канааттанып, башкаларга ыраазы болбойт. Булар өзүлөрүн абдан бийик сезишип, көп учурда мындай сезимдери алардын иш-аракеттеринен байкалат. Бардыгын өзүлөрү каалагандай жасап, кээде тескери жасап жаткандарын моюндарына албайт. Өз тарабына болгон «жалган мактоолорго» берилип, көп учурда алар көздөрүн жумуп алып «келесоолордун тамагын» жегенди жакшы көрүшөт.

Бул зодиак белгиси көңүл чордонунун ортосунда болууну жана дайыма башкалардан көз карандысыз болууну каалайт. Дайыма баардыгына жагууну каалап, ал үчүн бардыгын жасоого даяр.

Арстандар өтө эле сүйүүгө берилген болушат. Булар дайыма карама-каршы жыныстагы өнөктөшкө тартылуу сезимдерин сезип, алар менен флирттешүүнү жандай жакшы көрүшөт. Ошондой эле, асылзаттын ролун ойноп, Арстандар көп нерселерди драмалаштырууга ийимдүү, анын ичинде өз эмоцияларын жана иш-аракеттерин, мунун баары чындыктан алыс болуп, жакшы таасир калтыруу максатында жасалат.

Чыдамсыз жана кежир Арстан өзүнүнүн абийирине жана кадыр-баркына башкалар тарабынан шектенүүгө эч качан жол бербейт. Бардыгын башкарууга ийимдүү болуп, Арстандар бирөөнүн ишеничинен чыгып калуудан коркуп, өз иш-аракеттеринин жоопкерчилигин курч сезет. Жана эгер, булардын кадыр-баркка болгон талаптары өзүн канааттандырбаса, Арстандар шалаакы жана пассивдүү же тескерисинче убаралуу жана туруксуздукка чөмүлүшү мүмкүн.

Жаныбарлар башчысы амбициясына ээ болуп, бул зодиак белгисинде төрөлгөн адамдар өзүлөрүн ааламдын борбору, асмандагы башкы жылдыз деп ойлойт. Башкарганга жана лидер болууга умтулуп, Арстандар экинчи сортторгу ролду кабыл албай, өз натурасынын алоолонгондугу менен айырмаланат.

Арстандарда кандайдыр бир өлчөмдө болуучу Наполеондук комплекс, аларды абдан жинденишине алып баруусу ыктымал. Негизи жок намыстуулук, Арстандарды өз бузукчулугунун кулуна, майда эгоистке жана күзгү чыгылышынан башкаларды байкабаган, өзүн гана көрө алуучу адамга айландырат.

Жалындаган от белгиси болуп, Арстандар өзгөчө дилгерленүү жана кылдат сезимталдуулугу менен дагы айырмаланып турат. Бирок, ошону менен бирге булар төшөк кумарына эркин мамиле жасап, булардын намысы өз каалоолорун канаатандыруу үчүн кандайдыр бир башка жолдорго барууга мүмкүндүк бербейт. Арстандар, эгер кимдир бирөөнү жактырып калса, булар өзгөчө кызыктыруучу жана азгыруучу объектке айланат. Өз өнөктөшүнө болгон пассивдүүлүк бул — Арстандарга жетүү аракетин жасап көрүү белгиси болот. Жана булар, эгер кааласа, багынып берет. Айым-арстандар да, мырза-арстандар да жөн эле, жоопкерсиз бир жолку төшөк кумарына караганда, биринчи орунга узак мөөнөткө созулуучу жана олуттуу мамилелерди коюшат.

Айтып коюуу керек, Арстандар өз максатына жетүү үчүн керектүү адамдарга жардамын көрсөтүп, жылмайууга ийимдүү. Бирок андай иштерди булар ушунча чебердик менен, ушунча билгизбей жасашып, мындай сыйкырга эч ким туруштук жана каршылык көрсөтө албайт.

Ар бир Арстан үчүн сүйүү бул — сезимдердин майрамы. Сүйүүгө толук берилип, бирок сезимдерди кайтарып берүү үчүн, булардын табити аябай чоң болот. Максаттуу келген Арстандар өз чабытына жетүү үчүн чечкиндүү шыктанышат. Каалаган тоскоолдуктарды кыйратууга күч-кубаты жетишээрлик болуп Арстандар, жашоодогу жолунда туурасынан тура калгандарды жаман көрүшөт.

Бул зодиак белгисинде төрөлгөн айымдарга да, мырзаларга да карьера жана мамилелер жаатында, тараза ташын мамиле жагына тандоо зарыл, ошондой эле даңкка умтулуусун жана өз намысын жеңип чыгууга аракет жасоо абзель.

Арстандардын негизги принциптери

  1. Мен силерди жаркын жакка алып барам.
  2. Жардам алганча, жардам кыл.
  3. Жакшы манера — жарым ийгилик.
  4. Күн арстандарга гана нурун чачат.
  5. Кабинеттин эшигиндеги кооз илмек, жумуш акысынан да маанилүү.
  6. Көп акча тапканды жакшы көрөм, акчаны коротконду андан да жакшы көрөм.
  7. Эч ким ойнобосо да, пианиного караганда рояль жакшы.
  8. Сыртыман жылдыздуу көрүнгөнүм менен, ичимде диктатормун.
  9. Жасаган соң, чоң-чоңдон жасоо керек.
  10. Мен турганда, силерге күндүн эмне кереги бар???

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 8127, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-01-02
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу