Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арыктоонун жолдору

Баш барак | Башкалар | Арыктоонун жолдору

Арыктоо оңой эмес, бирок 100 пайыз мүмкүн, "арыктоонун жолдору" жөнүндө бир-эки ооз сөз кылып өтөлү, зыяны эч кимге тийбейт. Эгер силерде салмактан арылуунун катуу дедлайны жок болсо, анда акырындык менен өзүңүздөн пайдалуу адаттарды иштеп чыгып, ден-соолукка зыян келтирбестен арыктасаңыз болот.

Тамактануу боюнча кеңеш.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй сууну көбүрөөк ичүү зарыл, бирок көбүрөөк ичиш керек десе эле сууну чакалап ичүүнүн зарылдыгы жок, андай болгондо бөйрөктөрүңүздү жабыркатып алышыңыз мүмкүн. Бир гана ачка болуу сезими пайда болгондо суу ичип коюңуз, организмде суу жетишсиз боло баштаганда курсак ачуу сезими пайда болот.

Күн тартиби менен тамактаныңыз.
Эгер күн тартиби менен тамактануу бузулса, организм сааттарынын бузулуусуна алып келет. А бул болсо ашыкча салмактын пайда болуусунун бирден бир себеби.

Кыймылдуу жашоо.
Ашыкча салмак менен эң эффективдүү күрөшүүнүн жолу - көп кыймылдоо, спорт менен машыгуу, эгер спорт жакпаса, кыймылдоо жакпаса, жакшы көргөн ишиңизди табыңыз, табуу оңой эмес, "мен эмне кылганды жакшы көрөм?" деген суроого эмне кылсаңыз дагы жооп табыңыз. Эгер жооп табуу оор болсо, иши кылып кымыйлдуу образда жашаганга аракет кылыңыз.

>

Углеводдордон алыс болуңуз.
Ачка болуу сезими кандагы канттын денгээлинен көз каранды, толук адамдардын таттууну жакшы көрүүсү ушуну менен түшүндүрүлөт. Ал эми углевод болсо май катмарларынын чогулуусуна шарт түзөт. Ошондуктан курамында углевод көп азыктарды колдонуудан алыс болгула. Анын ордуна дандуу азыктарды кабыл алууга аракет кылыңыз. Кара нан, ар кандай крупалар абдан пайдалуу. Оор углеводдор май катмарларынын чогулуусуна шарт түзбөйт, жана кандагы канттын денгээлин бир калыпта кармоого жардам берет.

Кошумча бир "арыктоонун жолдору" ар кандай интернеттеги сатылып жаткан каражаттарды колдонуу, биз бир гана "talia" каражатын сунуштай алабыз, башкасын айта албайбыз.

Жашылча-жемиштер биздин досторубуз
Жашылча-жемиштерде клетчатка абдан көп, ал зат курсакты ачырбайт, жана ачка болуу сезими көпкө чейин пайда болбойт. Каллориялар болсо абдан аз болот. Анын үстүнө клетчатка организмди, жоон ичегини ар кандай зыяндуу нерселерден, майлардан мыкты тазалайт.

Таттуулар, куурулгандар жана туздуулар биздин душманыбыз.
Мындай азыктарды аз колдонууга аракет кылыңыз. Зыяндуу жактарын жазбай эле коёлу. Ансыз деле билет болушуңуз керек.

Сагыз.
Кантсыз сагызды чайноону адат кылып алсаңыз ашыкча болбойт. Сагыз ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Бирок абайлаңыз сагыз ашказанга зыяндуу

Ширин суусундуктардан баш тартыңыз.
Суусундуктар организмди кургатат, бул аныкталган чындык. организмге суу жетишпесе курсак ача баштайт. Андан кийин натыйжа эмне болот? туура биз тамактана баштайбыз. Ал эми тамактанганда салмактын көбөйүүсүнө шарт түзүлөт. Андан көрө суу ичип коюңуз.

Жаман адаттар чоң душман.
Алкогол жана тамеки чегүү таптакыр болбойт.

Психиология биздин досубуз.
Көк өңгө боёлгон нерселерди колдонуңуз. Көк түстөгү идиш-аяк, көк түстөгү буюмдар психологияга жакшынакай таасир берет. Анткени, көк түс азык-түлүк түстөрү менен такыр келишпейт. Ошого байланыштуу натыйжа оң болот. Анан кошумча көңүлдү чөгөрбөңүз, жакшы нерселерди гана ойлонуз. Коркпо деген макалабызды окуп койгула

Жакшы маанайда болгула, стресстик кырдаалдарга кабылуудан алыс болгула, мындай ыкма өзүнүн дурус натыйжаларын берет. Тамактанган соң дароо тишти жууш керек, мындай нерсе психологиялык трюк, кандайча таасир берээрин айтпай эле коелу, абдан көп жазууга туура келет.

Уйку.
Толуккандуу уйку ден-соолукка пайдалуу. Уйку жетишпесе жаман, көп болсо дагы жаман, алтын ортосун табуу абзел. Бул негизинен 8-10 сааттык уйку.

Жөө баскыла, жумуш иштегенде туруп алып иштегенге аракет кылгыла. Мына чоң нерсенин баары майдадан башталат дегендей. Ушундай пайдалуу майда-чүйдөлөр көп болсо, ашыкча салмак дегенди таптакыр унутуп коюууга болот. Биз сунуштаган "арыктоонун жолдору" ушундай болду, чыдамдуу бололу, чыдамдуулук ийгилик алып келет.

[ushka=pohudenie]
Жайгаштыруу: 2017-08-25, Көрүүлөр: 6704, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу