Ашым Афер

Ашым Афер (1922, Ооганстандын Бадакшан вилайетиндеги Чоң-Памир өрөөнү) — манасчы, комузчу. Кызылаяк уруусунан. А-дан 1973-ж. 1-июль күнү француз профессору, түрколог Реми Дор «Манас» эпосунан: «Манастын Шооруктун кызы Накылайга үйлөнүүгө кылган аракети», «Манас Таластын жылкысын тийип, экөө беттешүүдө жарадар болушу» деген үзүндү жазып алган. Ал үзүндү 1982-ж. «Орто Азия» илимий журналынын 1—2-сандарына «Манастын» «Памирдеги үзүндүсү» (616 сап ыр) деген ат менен француз тилине которулуп жарыялаган. «Манас» эпосунун окуяларынан башка «Көр уулу» дастанын да айтат. Көптөгөн күүлөрдү чебер аткарган белгилүү комузчу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)