Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аскаридоз

Баш барак | Медицина | Аскаридоз

Аскаридоз (Ascaridosis) — нематодоз тобундагы ичеги инвазиясы (кишиге жана айбандарга мителердин жугушу), козгогучтары — аскаридалар (Ascaris lumbricoides). Аскаридалар ичке ичегиде мителик кылат (паразиттик кылат). Бойго жеткен гельминттин узундугу 25 — 30 см. түзөт.

Аскаридоз
Аскарида
Ascaris lumbricoides
Эл аралык ооруларды классификациялоо же ЭОК-11 (орусча МКБ-11)1F62
ЭОК-10 (орусча МКБ-10)B77
Эл аралык ооруларды классификациялоо жана клиникалык модификация же ЭОК-10-КМ (орусча МКБ-10-КМ)B77 жана B77.9
ЭОК-9 (орусча МКБ-9)127.0
ЭОК-9-КМ (орусча МКБ-9-КМ)127.0
OMIM604291
DiseasesDB934
MedlinePlus000628
eMedicinearticle/21251
MeSHD001196

Этиопатогенез

Аскаридалардын личинкалары жана жумурткалары организмге жуулбаган жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, тооктун жумурткалары аркылуу кирип, ичегиде өрчүйт, андан соң алар лимфа жана кан тамырларга кирет, кан агымы менен боорго, жүрөктүн оң ашказанчасына жана өпкөгө түшөт. Ал жактан бронхаларга, трахеяга, кекиртекке, ооз көңдөйүнө барат. Экинчи жолу жутуп алганда организмде бойго жеткен аскаридалар өсө баштайт. Бул цикл орточо үч айга созулат.

Изилдөөлөр

Аскариданы (Ascaris) изилдөөдө колдонулуучу жаныбарлардын эки модели бар — чычкандар жана чочколор.

Башка жаныбарлар

Чочколорду аскарида менен жугузуу алардын салмагынын азаюуусуна алып келип, фермерлерди чыгымга учуратат. Чочколордогу инвазия чочко аскаридасы менен шартталат. Жылкыларда жана башка ача туяктуу эмес жаныбарлардын аскаридасы Parascaris equorum саналат, жөнөкөй сөз менен жөн гана аскаридалар. Чоң малга караганда жаш малда милетелер олуттуу көйгөйлөрдү жаратат, клиникалык белгилери өзүнө курсактуулукту, жүнүнүн одуракайлыгын жана жай өсүүсүн шарттайт.

Клиника

Лицинкалардын миграция учурунда уу-аллергиялык реакциялар басымдуулук кылат — мурундун айланасынын кычышуусу, жөтөл (кан аралаш какырык чыгыш мүмкүн), ысык чыгуу. Канда эозинофилия (көп клеткалуу мителер менен күрөшүүчү лейкоциттин түрү) аныкталат. Кээде субфебрилдик (37,1—38,0 °C чегиндеги узак мөөнөттөгү температура) температура болот. Ичеги фазасында айтылган белгилерге ичтин оорушу, куску келүү, шилекей агуу, табиттин жоголушу, көтөн чучук айланасынын кычышуусу, жалпы интоксикаиця белгилери (шалдыроо, уйкунун келүүсү) кошулат. Адамдын, айрыкча балдардын заңында курттардын (кесмеге окшош) пайда болуусу бул тезинен дарыгерге баруунун белгиси.

Аскаридалардын көп өлчөмдө чогулушунда динамикалык ичеги өткөрбөстүгү, перфоративдик перитонит өнүгүшү мүмкүн. Ичеги өткөрбөстүгү операция жолу менен дарыланат. Аскаридалардын өт жолдоруна түшкөндө ириңдүү холангит, боордун ириң толгон шишиги, обтурациялык сарык өнүгүшү ыктымал; панкреативдик жолдорго кирип кетүүдө — курч панкреатитке алып келет. Аскаридалардын кызыл өңгөч аркылуу кекиртекке жана дем алуу жолдоруна өтүүсүндө асфикция пайда болушу мүмкүн.

Ичегиден тышкары локация / Диагностика

Эффективдүү санитариялык чараларды колдонуу менен жуктурууну алдын алууга болот, алар өзүнө дааратканаларга жакшы мүмкүндүк алуу, заңдарды туура жок кылууну камтыйт. Колду самындап жуу жуктуруп алуудан коргойт деп эсептелинет. Калктын 20% жуктуруп алган аймактарда мезгил-мезгили менен бардык жашоочуларды дарылоо сунушталат. Кайталап жуктуруп алуу кеңири жайылган көрүнүш. Аскаридозго каршы вакцина жок. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму альбендазол, мебендазол, левамизол же пирантел дарылары менен даарылоону сунуштайт. Башка эффективдүү каражаттар трибендимидин жана нитазоксанидди камтыйт.

Эпидемиология

Дүйнөдө 0,8 ден 1,2 миллиардга чейин адамдар аскаридоз менен оорушат. Тропикалык Африка, Латын Америка, анын ичинде Мексика булуңунун жээктериндегилер, ошондой эле Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын элдери бул ооруга көп кабылат. Ошентип, аскаридоз оорусу гельминтоз топурагы аркылуу берилүүчү эң кеңири жайылган оору. Аскаридоздун башка түрү чочколорго жугат.

Даарылоо

Даарылоодо антигельминттик препараттарды колдонушат — альбендазол, мебендазол, левамизол, пиперазин жана башкалар.

Төрөлүмдүүлүк жана аутоимундук механизм

Арон Блэкуэллдын (Aron D. Blackwell) жетекчилигинде Калифорния университетинин изилдөөчүлөрү Боливиялык аборигенден урууларындагы аялдарды изилдеп, Ascaris lumbricoides инвазиясында боюнда болуу жана карындагы баланы ийгиликтүү көтөрүү мүмкүндүгү жогорулашы байкалган. Орточо гельминти жок аялдарга караганда аскариданы алып жүрүүчүлөр эки эсе көбүрөөк бала төрөшөт. Изилдөөчүлөр муну иммундук системанын реакциясы менен байланыштырышат. Организмдеги Т-клеткалардын деңгээлин жогорулатуу же төмөндөтүү менен гельминттер боюнда болуу мүмкүндүгүнө кыйыр таасирин тийгизет.

Чочколордун аскаридозу

Чочколордун арасындагы аскаридоз оорусу пневмония (личинкалардын өпкө аркылуу миграция мезгилинде), торопойлордун өсүүсүндөгү жана өнүгүүсүндөгү чукул артта калуусу менен мүнөздөлүп, ичеги-карындын бузулуусу жана организмдин башка ооруларга каршылык көрсөтүүсүнүн төмөндөшү менен коштолот. Аскаридоздун клиникалык көрсөткүчтөрү негизинен 2 айдан 6 айга чейинки торопойлордо жакшы көрүнөт, алар бул учурда инвазияны оор өткөрөт.

Алдын алуу

Жайгаштыруу: 2016-08-01, Көрүүлөр: 1603, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо