Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аскер-аба күчтөрү

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аскер-аба күчтөрү

Согуш мезгилинде учакка жүктөлгөн алгачкы милдет душманды чалгындап келүү болгон. Мына ушул чалгынчы самолёттордон баштап аскердик авиация - аскер аба күчтөрү (кыскартылганы ААК, орусчасы ВВС) түзүлө баштаган. Учкуч согуш майданында жана оорукта (тылда) эмнелер болуп жаткандыгын бийиктен даана көрө алат. Аны байкап калган душмандын пулемёт менен куралданган самолёттору чалгынчы самолётко чабуул коюп, атып түшүрүүгө же кууп жиберүүгө аракет кылат. Бул аракет истребителдик (чабуул) авиацияны түзүүнүн башталышына негиз болгон. Бомбалоочу авиация кийинчирээк, самолёттордун кубаты артып, бомба көтөрүп уча алгыдай даражага жеткенде пайда болгон.

Эң алгач учкучтар абада калкыгычтар (сүзүүчүлөр) деп аталган. Анткени самолёт кеме сууда сүзгөн сыяктуу абада калкып, жай учкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде самолёттор саатына бир нече жүз чакырым ылдамдык менен уча алгыдай даражага жеткирилип, кийин ири калибрлүү пулемёт, замбирек менен жабдылып, чабуулчулардын (штурмовик) канаттарынын алдына атактуу Катюша сыяктуу реактивдүү снаряддар орнотулган. Самолёттор абада согушуп, душманды бомбалашкан, жердеги аскерлер менен флотко көмөктөшүп, десант түшүрүп, жарадарларды ташып, чалгындоо жүргүзүшкөн. Учкучтардын каармандыктары бүткүл дүйнөгө белгилүү болду. Алар ал түгүл огу менен снаряддары түгөнүп калган учурда да чегинишпей, самолёттун пропеллери менен душмандын самолётунун куйругун кыя чаап, өз самолёту менен душман самолётун кагып түшүргөн учурлар көп болгон. Биздин учкучтар абада жана аэродромдо душмандын миңдеген самолётторун жок кылышкан. Азыр аскердик самолёттор ото бийикте, үндөн да тез ылдамдык менен учат. Алар ракеталар менен куралданган.

Самолёттогу татаал приборлор учкучка самолётту айдоого жана бутаны түнкүсүн, туманда, аба-ырайы бузулуп турганда да таап, түз мээлөөгө мүмкүндүк берет. Азыркы кездеги бомбалагыч самолёттор бутанын үстүндө бир гана минута болот, бирок мындай кыска убакыттын ичинде бомба таштоого жана аны ракета менен атууда да үлгүрөт. Ал эми ракета алып жүргүч самолёт бутадан жүздөгөн чакырым алыстыкта учуп баратып, ракета учура алат. Андан ары ал ракета өз учуусун өзү башкарат. Ири транспорт самолёттору аба десантын аэродромдон миңдеген чакырым алыстыкка жеткире алат. Ал гана эмес жаңы технологиялар менен жасалган чабуул учактары жерден 20чакырымдай бийиктикте учуп (стратосфера), 10сантметрлик бутаны космос аркылуу мейлеп атып түшүрүүгө мүмкүндүгү жетет, мындай учактардын эң башкы айырмачылыгы, анын асманда учуп жүргөнү көрүнбөйт дагы, үнү угулбайт. Жүк ташуучу чактар десантчылар менен бирге парашют аркылуу жерге курал, автомобиль, танк түшүрө алат.

Аскердик самолёттун бир түрү - вертолёт же болбосо тик учак. Ал күүлөнбөй эле жерден тик көтөрүлөт, туш келген жерге коно алат. Ошондуктан вертолёт десант ташууга, жердеги жоо менен согушууга, ошондой эле деңизден душмандын суу астындагы кайыктарын издөөгө да ыңгайлуу.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 657, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу