Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ат кыргыздын канаты

Баш барак | Башкалар | Ат кыргыздын канаты

Кыргыздардын тарыхы канткен менен согуштардын тарыхы. Дуйнодогу дастандарга эн бай эл - кыргыздар. Алардын ошол дастандарынын дээрлик бардыгында согуш окуялары суроттолот. Башкы каармандар да алп, чон темир зоотторду кийген каардуу баатырлар. Баатырлар менен бирге аттар тен коюлат. Башы адам, калган болугу ат болгон жаныбарлар - кентаврлар ушул кыргыздардан чыккандай.

"Ат - адамдын канаты" дешет кыргыздар. "Ат, аттан кииин - жат" дешет. "Манас" дастанында куйоосунон айрылган Каныкей ботон жерде Тайбуурул деген баатырдан калган атын жарышка чаптырат. Ошондо аял-эне менен ат ички дуйносундо суйлошот. "Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени" дейт. Дагы бир дастан "Курманбекте" атасы уулуна атын бербей коет, ошон учун согушка жаман ат менен чыккан Курманбек баатыр согушта каза табат. Кыргыз турмушу бутундой ат менен байланышат.

Жылкы таптап, азоо уйроткондор, жаман аттан тулпар чыгаргандар саяпкерлер деп аталып, алар эн чон кесип катары даназаланган, хандар, бектер алар менен эсептешкен. Ат жабдыктарын жасагандар да абдан урматталган. Атты адам менен бирге карашат. Атты эч качан урбайт. Элдик дастандарда баатыр (ат ээси) олсо, аты кошо олот, же аты ыйлайт жана мунун тескерисинче аты олгон баатырдын башына кайгы уйулот. Кыргыздардын эн чер жазар оюндары - ат оюндары. Ат чаптырганда байгесине абдан чон сыйлык коюшкан, жуздогон мал соорун коюп ат чаптырган тойлор, аштар да болгонун тарых изилдоочулор жазып калтырышкан.

"Кыз куумай", "Найза чабыш", "Куш салмай", "Оодарыш" ("Энишмей") деген сьшктуу улуттук оюндардын копчулугу ат менен откон. Мына ушулардын ичинен эн эле коп тараганы - кок бору, же улак тартыш. Мында 20-40 килограммдай салмактагы торпокту, же эчкини, улакты союп, башын алып, анан аны мурда канча киши кааласа ошончосу тартып ойночу, азыр жаны эреже киргизилип, торттон оюнчу эки командага болунуп сегиз атчан тартышчу болду.

Илгери жуздогон кишиден эн мыкты улакчы тандалчу. Мындай оюндарда ар кандай кырсык, олум-житим да коп болгондуктан Советтик мезгилде тыюу салып да койгон. Ага конбой тартыша берсе ошол жердин жетекчилери кызматтан да алынган. Улакчылардын аттары бир жаны машинадан да кымбат бааланган учурлар бар. Бул оюнду эл аралык денгээлге чыгарсак деген далалаттар "Кок бору" федерациясы тарабынан которулуудо. "Ат адамдын канаты" аттуу кошумча макалабызды дагы окуп көрүүнү сунуштайбыз.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 2394, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо