Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Атабаев Аксуубай

Баш барак | Биографиялар | Атабаев Аксуубай

(1943-жылы туулган, Ак-Суу району, Ак-Булуң айылы) - обончу, ырчы. Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1988). 1968-жылы М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын хор жана эл аспаптар бөлүмүн бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик драмтеатрда, 1972-жылдан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармонияда солист, 1975—80-жылы Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуган, 1980-жылдан кайрадан филармонияда солист. 1982-жылдан бери Респ-лык кесипчилик-техникалык билим берүүнүн Маданият сарайынын директору. А. 60жылдары обончулук өнөрдүн жаңы баскычына көтөрүлгөн. Ал мурдагы элдик мотивге негизделген жөнөкөй обондордон мазмуну терең, диапазону кеңири чыгармаларды жаратып, обондордун көркөмдүк деңгээлин кыйла көтөргөн. Анын белгилүү обондору жана ырлары: «Курбуларым», «Эне жөнүндө баллада», «Тоолор», «Он сегиз жаш», «Айгүл», «Таалайбек», «Жүрөк эңсейт», «Үйлөнүү тою», «Кыргыз жери», «Музыка», «Сыз ак куу», «Элегия» жана башкалар.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 2177, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу