Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ата-журт

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Ата-журт
Ата-журт (ыр)
СөзүАлыкул Осмонов
ОбонуШамшыбек Өтөбаев
Текстинин датасы24-октябрь, 1948-жыл
Текстинин жазылган жериЧолпон-Ата

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

(Кийинки саптары обонуна кайырма кылынган)
Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1502, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу