Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Атлантида

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Атлантида

Байыркы грек илимпозу Платондун чыгармаларынын ичинде ыр түрүндөгү мындай бир уламыш бар: көп миңдеген жылдар мурун Атлантика океанында, Гибралтар кысыгынан батыш жакта кандайдыр бир өтө чоң арал болгон имиш. Ал өтө кооз болуп, эли бай турган. Анда деңиз кудайы Посейдондун урпактары - жоокер падышалардын кубаттуу зор мамлекети түзүлгөн. Падышалардын эң улуусу Атлант бүткүл аралга ээлик кылган. Анын атына байланыштырылып арал - Атлантида, ал эми океан - Атлантика деп аталып калган. Аралдын орто чениндеги бийик тоодо жайгашкан байыркы чоң шаарда алтын-күмүш, мрамор менен кооздолгон эң бир кооз Посейдон храмы болгон. Шаарды айланта бир нече канал курчап турган. Каналдарга көпүрөлөр салынган. Каналдарды өз ара байланыштырыш үчүн туурасынан каналдар казылып, алар деңизге кошулуп, каналдар аркылуу кемелер шаар дубалынын түбүнө чейин келишкен. Бул ажайып аралдагылар жыргап-куунап жашап турушкан.

Бирок кудайлар атлантидалыктарга каарданып, жазалоону чечишкен. Мына ошондо жер титиреп, тоонун чокусунан от, түтүн бүркүлүп, алааматтуу бир күн, бир түндө Атлантида деңизге чөгүп кеткен. Ошентип атлантидалыктар, күч-кубаттуу падышалар жер жүзүнөн жоголуп, алар жөнүндөгү уламыш гана калган. Платон бул уламышты өз чоң атасынан уккандыгын айтат, ал эми чоң атасы болсо Египет жрецтеринен угуптур. Бирок Египет тарыхында Атлантида тууралуу эч нерсе айтылбайт. Атлантида болгонбу? Же аны Платон өз кыялынан жаратканбы? Уламышка шыктанган кээ бир окумуштуулар Атлантиданын дарегин табууну абдан эңсешкен жана азыр да буга аракет кылышууда. Азыркы Мексиканын аймагында мындан 500 жылдай мурун ацтектердин мамлекетинде уламыштагы Атлантида шаарындагыдай тегерете бир нече канал, туурасынан каналдар казылып, көпүрө салынган ажайып шаарлары болгон.

Индейлердин байыркы маданиятын жексен кылган испан баскынчылары аларды көргөн. Баарынан кызыгы - ацтек, майя, инк индейлеринин баарына орток уламыш бар. Анда мындай деп айтылат: индейлердин жерине илгери ак жүздүү, сакалчан чоочун адамдар кемелер менен сүзүп келип, аларга ар түрдүү өнөрлөрүн үйрөтүп, кийин кайра чыгышты көздөй сүзүп кеткен. Булар коркунучтуу алааматтан аман калган атлантидалыктарбы? Көп учурда уламыштар болгон окуянын негизинде жаралат эмеспи. Балким Атлантида чынында эле болгон чыгар? Бул табышмактуу суроого жооп эмдигиче табыла элек.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 734, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо