Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аз кандуулук

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Аз кандуулук

Аз кандуулук (анемия) - канда эритроциттердин (кызыл кан денечелеринин) жана гемоглобиндин азайышынан болгон оору. Эритроциттердин бузулушунун күчөшү, организмде темирдин, кээ бир витаминдердин жетишсиздигинен пайда болот. Организмде В12 витамини менен темирдин жетишсиздигинен болгон аз кандуулук көп учурайт. Темир организмдин тиричилигинде чоң мааниге ээ. Ал эритроциттеги гемоглобиндин, ферменттердин курамына кирет. Темир жетишпеген аз кандуулуктун өөрчүшүнө көп төрөө, баланы көпкө эмизүү да түрткү берет.

Эгер эненин организминде темир аз болсо эмчектеги балада да аз кандуулук пайда болот. Жаш балдардагы темир жетишпегендиктен болуучу аз кандуулук аларды туура эмес тамактандыруудан, этти аз бергенден да болот. Аз кандуулук ара төрөлгөн балдарда да кездешет, анткени энесинен организм үчүн керектүү темирди алууга үлгүрбөй калышат. Аз кандуулуктун белгиси - канда гемоглобиндин төмөндөшү, энтигүү, жүрөктүн тез кагышы.

Оорулуу кубарып, бат чарчайт, башы ооруйт, көзү чыбырчыктап, башы айланат, чачы түшөт. Андай кишилер аки таш, бор жегиси келет. Туздуу, өткүр тамактарды жегиси келет. Темир жетишпеген аз кандуулуктун алдын алууда туура тамактануу чоң роль ойнойт. Боюнда бар жана эмчек эмизген аялдардын тамагында эттин жетишээрлик болушу аз каңдуулуктан сактайт. Темирдин жетишсиздигинен болгон аз кандуулукта догдурдун көрсөтмөсүнүн аркасында темирди камтыган дарыларын ичүү менен амбулаториялык шартта узакка такай дарылануу керек. Аз кандуулуктун баардык түрүндө оорунун белгилери билингенде анын диагнозун аныктап өз убагында туура дарылануу зарыл. Кандын көп кетишине жол бербөө, витаминдүү тамак аш ичүү, спортко катышуу, эс алуу менен эмгекти айкалыштыруу, аз кандуулукту болтурбоонун бирден бир шарты.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1863, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу