Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Азот аныктоо

Баш барак | Химия | Азот аныктоо

Азот аныктооөсүмдүк организминдеги алмашуу процесстерине, ошондой эле топурактагы азоттуу заттардын өзгөрүүлөрүнө катышкан азотту сапаттык жана сандык жактан аныктоо.

Эгилме өсүмдүк өсүү жана түшүмүнүн калыптануу процессинде топурактан азотту түрдүү өлчөмдө сиңирет. Жер семирткич чачуу нормасын, мөөнөтүн туура белгилөө үчүн ар бир конкреттүү учурда азоттун жалпы жана өсүмдүк сиңирген өлчөмүн так аныктоо өтө маанилүү. Өсүмдүктө көбүнчө жалпы азот жана анын минералдык түрлөрү — аммиак жана нитрат азоттору аныкталат.

Жалпы азотту аныктоодо Кьел-даль ыкмасы колдонулат. Аммиак азоту Несслер реактивинин жардамы менен калориметрлөө аркылуу, нитраттар Грандваль-Ляжунун ыкмасы менен аныкталат. Топуракта азот негизинен органикалык заттардын түзүмүнө кирип, анын жалпы саны чириндинин көлөмүнө жараша болот. Органикалык заттардан башка азот минерал зат — нитраттар жана аммиак түрүндө болуп, алар жалпы азоттун 2-3% түзөт.

Нитрат азоту топурактын суудагы тундурмасынан Грандваль-Ляжунун ыкмасы, аммоний азоту топурактын туздагы тундурмасынан Несслер реактивинин жардамы менен аныкталат. Азоттуу минерал жер семирткичтеги азоттун көлөмү салынган идишине жазылып, көрсөтүлөт. Органикалык жер семирткич — кыктагы азотту аныктоодо кык фенол, катализатор жана цинк чаңынын катышуусунда концентрациясы жогору күкүрт кычкылы менен күйгүзүлөт. Мында азот аммиак түрүнө өтүп, аммоний сульфатын пайда кылат. Андан ары азот Кьел-даль ыкмасын колдонуу менен аныкталат. Азоттун диоксиди суу менен реакцияга киргенде азот кислотасы алынат.

Жайгаштыруу: 2023-11-28, Көрүүлөр: 280, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу