Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Азык затгардын жетишегеңдигинин белгилери

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Азык затгардын жетишегеңдигинин белгилери

Балдардын өсүп-өөрчүшүн тамак-аштын жетишпегендиги чоң зыянга учуратаары узак убакыттан бери белгилүү болчу, бирок азыркы учурда балдардын тамагынын санына гана эмес, сапатына да көңүл буруу зарыл экени далилденген. Тамак-аш менен организмге барган азык заттар курулуш материалы катары иштелип керектүү кошулмалар синтезделет, ошону менен бирге азык заттар ажырап энергия менен камсыздандырылат. Өсүп жаткан организмде синтездөө процесстери ажыроо процесстерине караганда үстөмдүк кылат. Ошондуктан балдардын организми жашына жараша белгилүү өлчөмдө белоктор, майлар, углеводдор, минералдык заттар жана витаминдер менен толукталып турушу керек. Башкача айтканда ата-эне балдардын курсагын тойгузгандыгы гана жөнүндө ойлонбостон, туура жана дурустап тамактандырууга көп көңүл бурушу тийиш. Эгерде балага белок, өзгөчө толук баалуу белок жетишпесе, анын өсүп-өөрчүшү начарлайт, андан ары таптакыр токтоп калышы мүмкүн. Мындай учурда бала кескин түрдө арыктайт, кыймыл аракети азаят, ичи өтүп, аз кандуулукка, шишикке дуушар болуп, жугуштуу ооруларга туруштук берүүсү начарлайт.

Мунун себеби белок негизги курулуш материалы болгондуктан келип чыгат. Минералдык заттардын жетишпегендиги балдардын организминде зат алмашуунун ошондой эле анын өсүп - өөрчүшүнүн бузулушуна алып келет. Минералдык заттарга балдардын муктаждыгы төмөндөгү таблицада берилген. Баланын организминде С витамини жетишпесе андай балдар начар өсөт, аз кандуулукка дуушарланып, ар түрдүү жугуштуу ооруларга туруштук берүүсү азаят. Эгерде баланын организминде Д витамини жетишпей калса, бала итий оорусуна чалдыгып, сөөк системасы начар өсүп, бою өспөй калышы мүмкүн.Балдардын жана өспүрүмдөрдүн минералдык заттарга болгон муктаждыгы (бир суткада/миллиграмм)

ЖашыКальцийФосфорМагний
1 жашка чейин10001500-
1 жаштан 3 жакша чейин10001500140
4 жаштан 6 жакша чейин10001500220
7 жаштан 10 жакша чейин12002000360
11 жаштан 13 жакша чейин15002500400
14 жаштан 17 жакша чейин14002000530
Эгерде баланын организмине А витамини жетишпесе, анын жугуштуу ооруларга көрсөткөн каршылыгы төмөндөйт. Ал эми А витамини баланын организмине узак убакытка жетишпесе, анда баланын көзүнүн көрүүсү да начарлашы мүмкүн.

Тамакта В витамини аз болсо, баланын өсүшү начарлап, анын нерв системасына да тескери таасирин тийгизет.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 734, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу