Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Азыктардагы витаминдер жана аларды кантип сактоо керек?

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Азыктардагы витаминдер жана аларды кантип сактоо керек?

Витаминдер негизинен жашылчаларда: помидордо, карагатта, бүлдүркөндө көп санда кездешет. Ит мурундун кургатылган ашы, апельсиндин мөмөсүнө караганда С витаминге 30 эсе бай. Балыктын боорундагы майда А, Д витаминдери, калемпирде, капустада, сабизде, помидордо С витамини көп. Четиндин ашында А менен С витамини лимондогудан көп. Картөшкө витаминдерге айрыкча күзүндө бай келет. Бадыраңда, кара өрүктө, алмурутта, жүзүмдө витаминдер аз. Бирок бул азыктардын мааниси аз деп айтууга болбойт. Бардык жашылча жана жер жемиштер кислоталарга, туздарга бай. Булар тамак эритүү органдарына жакшы таасир беришет. Витаминдерди кантип сактоо керек? Витаминдер жаратылышта кеңири тараган, бирок булар туруксуз.

В1, В6, С витаминдери сууда эрийт, абдан кычкылданат жана ысыганда бат бузулат. Жашылчаларды көпкө кайнатканга болбойт. Бышырганда капкакты үстүнөн бастырып коюу керек. Жашылчалардын маңызы С жана В витаминдерине бай, аны сорпого кошсо болот. Жез жана темирге тийишкенде С витамини бөлүнөт.

А, Д витамини сууда эрибейт, ысытканда бузулбайт. Жашылча жемиштерде көпкө сакталганда алардагы витаминдер азаят, бузулат. Кургатылган жемиштерде: өрүк, мейиз, кактарында витаминдер жакшы сакталат.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1576, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо