Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бадам сымал без

Лимфа системасынын органы. Ооз көңдөйү менен кулкунда жайгашкан. Ал организмди оорутуучу микроорганизмден коргоого жана иммунитет пайда кылууга катышат. Б. с. б-дин эң ириси — таңдай бездери. Ал оозду чоң ачканда кичине тилдин оң жана сол жагынан көрүнөт. Б. с. б. сүйрү, демейде мала кызыл түстө, үстүңкү бети бүдүрлүү келип, ийри-буйру чуңкур изи (лакуналар) болот.

Анда микробдор көп чогулат, сезгенгенде (Шилтеме: Ангина) аны былжыр челдин сыйрылган клеткаларынан, ак кан денечелерден — лейкоциттерден жана тамак-аштын майда бөлүкчөлөрүнөн пайда болгон кебер каптайт. Кишиде таңдай Б. с. б-ден башка тил (тилдин түбүндө), кулкун жана түтүкчө бездер (кулкунда) болот. Таңдай безинин өнөкөт сезгенүү процессинде (Шилтеме: Тонзиллит) анын коргоо функциясы бузулуп, ал организм үчүн коркунучтуу ириңдетүүчү микробдун очогуна айланат. Бул учурда жакшылап дарылоо керек; операция менен дарылоону организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша врач чечет. Б. с. б-дин абалы анын көлөмүнө жараша болбойт. Кээде кичинекей Б. с. б-де организмге тескери таасир этүүчү микробдор жана алардын тиричилик продуктусу көп болот, тескерисинче бездин чоң болушу анын оорулуу экенин көрсөтпөйт. Бирок өтө чоңоюп кеткенде дем алууну жана тамак жутууну кыйындатат. Бул учурда анын бир бөлүгүн кесип салууга туура келет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)