Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадминтон

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Бадминтон

Бул мурдатан эле эл арасына кеңири таралган оюндардын бири. Мурда ал французча волан деп аталган, бул учуучу деген маанини билдирет. Ал адегенде чыгыш элдеринде пайда болгон. Аны өткөн кылымда Индияга саякатка барган англиялык бир герцог үйрөнүп келген. Ошентип оюн Европага да тараган. Герцогдун чарбагы Бадминтон шаарына жакын жерде эле. Ошол себептүү оюн бадминтон аталып калган. Бадминтон теннис оюнуна окшош. Бул да тегиз, түз аянтта ойнолот. Бадминтондун калагы (ракеткасы) теннистикине Караганда 2-3 эсе женил. Оюндагы тараптардын ортосун 155 см бийиктикте керилген тор бөлүп турат.

Эгерде эки-экиден ойноло турган болсо, аянттын өлчөмү 13.4x6.1м, ал эми жекеме-жеке ойнолсо - 13.4x5.2 м болууга тийиш. Бадминтон ойногон каршы тараптардын бири кичинекей воланды тордон ашырып, көкөлөтө урат, экинчиси жерге түшүрбөөгө аракет кылат. Волан жерге түшкөнгө чейин оюн улантыла берет. Воллейбол оюну сыяктуу бул оюн 15 упай алганга чейин созулат. Кыз-келиндер менен жаш балдар 11 упайга жеткенге чейин ойношот. Бадминтон оюну 3 же 5 партиядан турат. Бадминтондун воланын кичинекей себетчеге окшотуп пластмассадан жасайт.

Жакшы оюнчу воланды абада жай калкып учкандай же сен күтпөгөн жерге кокустан түшкөндөй кылып кайра чаба алат. Оюн шамдагайлыкты талап кылып, тез ойнолот. Бадминтонду каалаган жерде - талаада, көк жайыкта, көл жээгинде да ойноого болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2920, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу