Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы Египет музыкасы

Баш барак | Музыка | Байыркы Египет музыкасы

Байыркы Египет музыкасы — байыркы египеттиктердин чыгармачылык чөйрөсүндөгү музыка маданияты.

Кошумча макала: Музыка тарыхы

Байыркы Египет музыкасы өлкөнүн (Египеттин) маданиятында жана коомдук жашоосунда маанилүү орунду ээлеген. Алгач, музыка, ырларда маанилүү ролду ойногон эмес — музыканттар көңүлдүн баарын өзүнө бурган ырчыларга аккомпанияциялап гана турушкан. Бирок, XVIII диснастиянын башкаруу мезгилинде музыка ырлардан бөлүнүп, өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн.

Египет күмбөзүндөгү музыканттар сүрөтү
Египет музыкасы (иллюстрация)

Музыкалык аспаптар

Негизги макала: Музыкалык аспаптар

Байыркы египеттик эң байыркы аспаптардын бири арфа жана флейта болгон. Флейталар ар кандай өлчөмдө болгон: жөнөкөй жана XII династиянын башкаруу мезгилинде пайда болгон кош флейталар. Эң биринчи дүйнөгө белгилүү флейталар IV династиянын башкаруу мезгилинде Жогорку Египетте даярдалган, ал эми кернейлер (түтүктөр) — VIII династиянын башкаруу учурунда жасалып, аскер жаатында гана колдонулган. Аскердик күмүш кернейлер Тутанхамондун күмбөзүнөн табылган (KV62).

Өзгөчө маанилүү ролду үйлөмө музыка ээлеген — мындай музыканы аткарууда негизги аспап систр болгон. Систр менен менаттын (аялдардын музыкалык аспабы деп саналган) бирге үн чыгаруусу, папирус өсүмдүгүнүн шамалдагы шуудураган үнүн имитациялаган.

Урма музыкада башкы роль тамбуринге таандык — шайтан Кудайдын сүйүктүү музыкалык аспабы делет.

Эң байыркы кылдуу музыкалык аспап афра саналат, мунун мекени Байыркы Египет деп адистер айтышат. Байыркы падышалык мезгилинде арфада негизинен аялдар ойногон, булар эркек ырчыларга аккомпаниация жасап турушкан.

Артисттер

Өзүнчө культтардын (Хаткор, Бес) бийчилери, артисттери же кызматчылары денелерине жөнөкөй татуировкаларды тартышкан: колдоруна, санына, курсагына, ээгине чекиттер жана тегеректерди.

Жайгаштыруу: 2023-08-23, Көрүүлөр: 395, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу