Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байчечекей журналы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Байчечекей журналы

1977-жылдын январь айында кыргыз жеткинчектери дагы бир белектүү болот. Өздөрү сүйгөн гүлдүн аты коюлган түркүн түстүү сүрөт, ыр, аңгеме, жомок, табышмакка бай Байчечекей журналын колдоруна алышты. Ал эки куракка - мектепке чейинки балдарга жана башталгыч класстын окуучуларына арналган. Байчечекейде бөбөктөрдүн дүйнөнү аңдап-билүүсүнө, түшүнүүсүнө жана мектепте сабак өздөштүрүүсүнө көмөктөшүүчү материалдарга кеңири орун берилген. Бакчадагы балдарга, Кел, чогулуп окуйлу, Өзүң жаса рубрикалары кенже бөбөктөргө арналган. Алар бул беттердеги материалдардан тамга таанууга, кайчы жана желимдин жардамы менен буюм жасоого үйрөнүшөт. Мен силердей кезимде...

рубрикасы аркылуу балдар тигил же бул атактуу адамдын өмүрү, чыгармачылыгы, ишмердик жолуна кызыктуу экскурсия жасашат. Жаныбарлардын, чөптөрдүн, гүлдөрдүн адам баласынын жашоосу үчүн мааниси, аларды коргоонун зарылчылыгы тууралуу балдар Табиятты сүй, үйрөн, кастарла деген рубрикасынан маалымат алат. Беш мүнөттүк сабак кичинекей бөбөктү зериктирбейт. Сүрөттөр жана аларга берилген кыска баяндамалар баланын ар кандай буюмдар, шайман-аспаптар, жаңы техника тууралуу түшүнүгүн кеңейтет. Тил - башкы байлык. Жеткинчек эң кичине чагынан эне тилинин байлыгын, кубат-күчүн сезип, өздөштүрүп отурушу - зарыл талan. Журнал бетиндеги Эмне үчүн минтип айтабыз?, Байчечекейдин сөздүгү, Куйма кулак рубрикалары ушул милдетти аткарып келет.

Айлан көчөк тууралуу сөз башка. Бул көңүлдүү бет чындыгында эле жаш окурманды кызык жана сырдуу дүйнөлөргө жетелеп кетет. Анда ал ошол куунак, көңүлдүү оюндар аркылуу көп нерсени билип алат, эң башкысы - өнөр, билимге умтулуусу артыла берет. Байчечекейдин бир да саны жомоксуз чыкпайт. Анткени, ансыз балдар тургай чоң кишилердин турмушун элестетүү кыйын. Эл оозунан, Апендинин жоруктарынан деген рубрикаларга балдар өзү катышат. Алардын тушоо кесер мындай чыгармалары журналдын автордук географиясын кеңейтет, окумдуулугун арттырат. Бүгүн Байчечекейге чыгармасы жарыяланбаган кыргыз жазуучусун табуу кыйын.

Эл акындары, эл жазуучулары жана жаш калемгер балдар журналынын активдүү кабарчылары. Шыктуу сүрөтчүлөрдүн чоң тобу да дилгирлик менен кызмат көрсөтүүдө. Ал эми Байчечекей журналын уюштурган жана анын чакан жамаатын ушул күнгө чейин жетектеген, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери, акын Токтосун Самудинов агайынар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1994, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо