Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байтерек

Баш барак | Адабият | Байтерек

Кыргыздардын "Байтерек" тотеми башка тарыхчылар жагынан кагаз бетине эртеден түшкөн баян болуп, кыргыздардын кыпчак уруусуна байланыштуу айтылат. Бул баян мындайынча жазылган. "Огуз намэдеги" "Кыпчак" баяны.

"Огуз хан черүүсүн баштап Эдил суусунун боюна келиптир. Эдил суусу абдан улуу экен, аны көрүп Огуз хан: "Биз суудан кандай өтөбүз",- дептир. Ошондо черүүсүндө бир акылдуу бек бар экен, ал суу боюндагы чер токойдон жыгач кесип, ал жыгачтарды тизип сал жасап, улуу суудан өткөрүптүр.



Огуз хан аны көрүп кубанып: "Сен ушул чөлкөмгө бек болуп кал, атың кыпчак болсун",- дептир. Ошол "Кыпчак" тукумунан эл куралыптыр ("Огуз намэ"). 17-кылымдагы Орто Азиянын таанымал тарыхчысы Абылгазынын тарыхындагы баянда мындай айтылат: Огуз хандын черүүсүндө бир бек бар экен, ал согушта өлүптүр, аны менен бирге жүргөн катыны талаада калып, бай теректин көңдөйүндө төрөптүр, аны Огуз ханга айтып барышкан экен, Огуз хан ал балага "Кыпчак" деп ат коюп бериптир", ("Түрк санжырасы") жазма бетине түшкөн бир эки баянда, "Кыпчак" уруусунун теги жөнүндө баян айтылып, аны "Байтерек" менен байланыштырат. Бул айтылган эки баян чыныгы тарыхтын өзү эмес, арийне мифтик тааным боюнча элестетилген көркөм баян болуп эсептелет. Чилде жөнүндө. Чилде деген каары катуу чал имиш. Анын 20 баласы бар экен. Ал балдарын суук түшүрүүгө жиберет экен. 20 баласынын бирден түшүп, кайра кетиши 40 күндүк убакыт болот имиш.



Ошого чилде 40 күндүк болуп калган экен.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 584, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо