Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы кыргыздар дагы эмнеге табынган?

Кыргыздардын теңирчилик дининин негизги вазийпасы табиятты ыйык көрүп, ага сыйынуу болуп эсептелет. Алардын сыйырга, кирпиге, сагызганга, бүркүткө, арчага, ак кайыңга сыйынганын чет элдик саякатчылар айтып кетишкен. Бул сыйынуулар эң эски, теңирчиликке чейин деле өздөрү сырын билбес жаратылышка сыйынуунун доорунан бери келаткан болушу да ыктымал.

Кыргыздар ошондой эле жылдызды, чагылганды, куюнду, жамгырды, булакты, көлдү, арашанды, арчаны, чычырканакты, мажүрүм талды, ит мурунду, кайыңды, шаркыратманы ж.б. табият кубулуштарын, ажайып кооз жайларды жана дарактарды касиеттүү деп эсептешкен. Ошол ар бир мазарга табынуунун ырааты, айтар ниет-тилек сөздөрү, алкоолору, жолжобосу болгон. Кыргыздар жер-сууга, жаңы туулган айга, жаратылыштын кубулуштарына, көрүнүштөрүнө, түрлөрүнө жана жан-жаныбарга байланыштуу пирлерди аздектешкен.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 730, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо