Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баланы тарбиялоо

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Баланы тарбиялоо

Ар бир ата-эненин бирден-бир максаты - баласын туура багып - өстүрүү. Баланын тарбиясы, билим алуусу үй-бүлөдөн башталат, ата-энесинин жүрүш-турушунан калыптанат. Бала канчалык жаш болсо, анын кабыл алуусу ошончо тез, терең болот. Жаш кезинде балага ата-эне эң күчтүү, эң сулуу, эң мыкты болуп сезилет. Алгачкы эң сезимтал жылдарын бала ата-энеси менен өткөрөт, алардын сүйлөгөнүн сүйлөп, жасаганын туурайт. Ошондуктан баланын жаш кезинде ата-эне кайдыгер мамиле жасабай, күчүн аябай, колунан келишинче ага тарбия, билим берүүгө милдеттүү. Баланын тарбиясына, анын келечегине биринчи иретте үй-бүлө жооптуу.

Көп ата-энелер “балам чоңойсун, анан тарбиялап, үйрөтүп алам” дешет. Бирок бул чоң жаңылыштык, себеби андай болгондо тарбиялоого кеч болуп калышы мүмкүн. Көбүнчө ата-энелердин ою боюнча билим берүү - бул тамга таанууну, жазууну, саноону үйрөтүү. Бирок, билим алууда тамга таануудан, жазуудан, саноодон тышкары, бала коомдогу мамиле түзүүнү үйрөнүүсү тийиш.

Үй-бүлө коомдун негизи болгондуктан, бала тарбиялоодо эң чоң ролду ойнойт. Үй-бүлөлөр дагы бир биринен айырмаланат. Бирин-бири сыйлаган, түшүнгөн үй-бүлөдө баласы өзүнүн гана ата-энесин, бир туугандарын, башка туугандарын сыйлагандан сырткары өзүнүн теңтуштарын дагы сыйлайт, тегерегиндеги адамдарга да сый мамиле жасайт. Ал эми үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн ортосунда чыныгы жылуу мамиле болбосо анда мындай көрүнүш баланын өөрчүшүнө терс таасир бербей койбойт. Ата-эненин балага коюлган талаптары өздөрүнүн жүрүш-туруштарына шайкеш болушу керек. Эгерде өзүлөрү аткарбаган нерсени баладан талап кылса, бала аны жасабайт, же калпка, эки жүздүүлүккө үйрөнөт.Өсүү - өнүгүү мезгилдериАр бир ата-эне баланын организминин өзгөчөлүктөрүн жана ал баланын жашына карата өсүшүнүн өзгөчөлүгүн билүүсү керек. Баланын организми чоң кишилердикинен айырмаланат.

Өсүп келе жаткан баланын бою, салмагы, аң сезими өрчүү мезгилинде өзгөрүп турат. Бала төрөлгөндөн баштап чоңойгонго чейинки өмүрүнүн убактысы өз ара бир нече мезгилдерге бөлүнөт:1.Ымыркай мезгили2.Эмчектеги мезгили3.Торолуу мезгили4.Мектепке чейинки мезгили5.Кенже мектеп жашындагы же тестиер мезгили6.

Өспүрүм мезгили. Эми төмөндө кичине баланын ымыркай жана эмчектеги мезгили жөнүндө сөз кыла кетели. Калган курактарын өзүнчө макалаларда жазмакчыбыз.Баланын ымыркай мезгилиБаланын ымыркай мезгили 10-20 күнгө созулат. Ымыркай мезгилинде эмчектин сүтү менен гана багуу керек, себеби эненин сүтүндө баланын өсүп-өөрчүшүнө керек болгон заттардын баары бар жана балдар аны жакшы өздөштүрөт. Бул мезгилде баланын киндигине өзгөчө көңүл буруп, күнүгө сууга киринтип, кийимин жана шейшептерин алмаштырып, жууп, үтүктөп турууга тийиш.

Ата-эне баланы алуунун астында сөзсүз түрдө колун самындап жууп турушу зарыл.Баланын эмчектеги мезгилиЭмчектеги мезгили бир жылга чейин созулат. Бул мезгилде бала отурганды, тике турганды, басканды, айрым сөздөрдү айтканды үйрөнөт. Ага сиңиримдүү тамак-ашты, көбүнчө сүт ботколорду, жаңы союлган малдын же тооктун сорпосун, жашылча - жемиштердин ширесин берүү зарыл.

2-3 жумадан кийин бала кыймылдай баштайт, ата-эне жана баланын ортосунда мамиле тыкыс болушу керек. Балага мээрим чачып сүйлөшүү керек. Айлана-чөйрөнү таанып билип жаткан балага жаңы нерселерди көргөзүү, жаңы нерсе менен тааныштыруу кийинки өөрчүшүнө зор түрткү берет. Уктаарында ыр ырдап берсе, ага көнүп бат тынчып уктап калат, өзгөчө бешикке салынган бала. 6-7 айдан кийин тынчы кете баштайт, себеби кыймылдагысы келип жөргөлөй баштайт, андан кийин басууга аракет кылып так турат. Колуна тийген үйдүн ичиндеги буюмдарга өзгөчө байкоо жүргүзө баштайт. Ошондуктан аларды жыйнап туруу зарыл. Кыргыздар илгертеден бери балдарын бешикке салып багышкан. Бешикке көнгөн бала мындай шартта тынч жана таза болот.

Медициналык көз караш боюнча, баланын буту-колун таңуу баланын денесиндеги кан жүгүрүүсүнө тоскоолдук кылат. Бирок, бала уктаар маалында эле бешикке бөлөнөт, ойгонгондо чечип алып буту-колун кыймылдатат да, колго алат, же кийиндирип бош жаткызат.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 20873, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу