Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Баланын окууга болгон даярдыгы

Баланын мектепке анатомиялык-физиологиялык даярдыгы. Баланын мектепке болгон даярдыгын эске алгаңда Л. И. Божович (4) белгилегендей эки чоң блокко токтолуу керек, башкача айтканда мектеп окуусуна болгон интеллектуалдык жана инсандык даярдыктар. Бирок ошону менен катар баланын мектепке даярдыгында анатомиялыкфизиологиялык өнүгүү да чоң мааниге ээ. Баланын мектептеги окууга даяр болушу анын анатомиялыкфизиологиялык өзгөчөлүгү жана психикасынын өнүгүүсү менен аныкталат. Организмдин анатомиялык-физиологиялык жактан кайра түзүлүшү баланын окуу иш-аракетине катышуусун жана инсандык көптөгөн өзгөчөлүктөрүнүн калыптанышын камсыз кылат.

Бул мезгилде баланын мээсинин түзүлүшүндө сапаттуу өзгөрүүлөр өтөт. Нерв процессинде козголуу жана тормоздоодо өзгөрүү байкалат, тормоздук реакциянын мүмкүнчүлүгү артат. Мунун натыйжасында балада бир катар эрк сапаттарынын калыптанышынын өбөлгөсү пайда болуп, анын өз алдынчалыгы, белгиленген талаптарга баш ийүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Нерв процесстеринин кыймылдуулугу жана тең салмактуулугу чоң кишилердин койгон талабына, шартка байланыштуу баланьга жүрүм-турумун өзгөртүүгө жардам берет, бул анын жашоосунун жаңы этабында, мектептеги окуусунда маанилүү.

Ошондуктан мектеп жашына чейинки баланын анатомиялыкфизиологиялык өзгөчөлүгүн эске алуу, аны билүү зарыл. Мектепке чейинки куракта баланын организми өнүгүү стадиясына ээ, баланын сөөгү, булчуңу ийкемдүүлүгү менен айырмаланат. Алты жашар баланын бою өсөт, салмагы кошулат, майда булчундар жай өнүгөт. Мектептеги окуу-тарбия процессин уюштурууда мугалим баланын нерв системасынын касиетин эске алып, психикалык абалын контролдоо менен баланын окууга болгон жөвдөмдүүлүгүн багыттап жөнгө салат. Бул курактагы балдарда скелеттеринин, муундарынын, булчуң эттеринин интенсивдүү өнүгүүсү байкалат.

Скелетинин сөөктөрү формасы, өлчөмү, ички түзүлүшү боюнча өзгөрөт. Анатомиялык-физиологиялык мындай өзгөрүү баланын тиешелүү болгон убакытка чейин кыймылсыз денесин кармоо канчалык кыйын экендигин билдирет. Демек, баланын туура эмес отуруусу анын дене түзүлүшүнө терс таасирин тийгизет. Алты жашар балада жүрөк жана кан тамыр системаларынын өнүгүүсү жана жетилүүсү улана берип, алардын бекемдиги, резервдүүлүгү күчтөнөт, кан айланууларын жөнгө салынуусу жеткилең боло баштайт. Организмдин айлана-чөйрө менен өз ара аракеттешүүлөрүндө борбордук нерв системасынын ролу негиздүү.

Анын түрдүү бөлүктөрүнүн дифференциациясы жана интенсивдүү өнүгүүсү мектепке келгенге чейин эле ишке ашып, баланын психикалык ишаракетинин жана жүрүм-турумдарынын формаларынын жетилгендигин аныктайт. Балдардын мээсинин жана нерв системасынын функционалдык жетилгендиги, баланын маалыматтарды кабыл алууга жана кайра иштеп чыгууга даяр экендигин көрсөтөт. Баланын мектептеги окууга даяр болушун психикасынын өнүгүүсү, таанып-билүү сферасы аныктайт.

Психологдор A. А. Люблинская, A. В. Запорожец, Н. Н. Поддьяков, В. С. Мухина ж. б. баланы мектептеги жаңы турмушка даярдоодо бир катар багыттарды бөлүп карашкан. Баланын мектепке инсандык даярдыгы. Инсандык даярдык негизинен баланын курбалдаштары менен баарлашуу керектөөсү менен, балдар группасынын жүрүм-турум нормаларына өзүн багыттоо менен, ошондой эле мектепте окутуу ситуациясында окуучунун ролун аткаруу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт.

Баланын инсандык даярдыгы анын окуу маалыматтарын өздөштүрүүсүндө эң маанилүү. Баланын мектептеги окууга болгон кызыгуусу, анын мотивациялык жана эрктүүлүк сферасынын калыптанышына таасир этет. Л. И. Божович балдардын мектепке болгон даярдыгында таанып-билүүчүлүк жана социалдык мотивдердин бар экендигин аныктайт. Таанып-билүү мотивдер окуу иш-аракети менен түзмө-түз байланышта.

Мында балдардын таанып-билүү кызыгуулары, интеллектуалдык активдүүлүккө болгон керектөө жана жаңы билимдерге, ыктарга, ыкмаларга ээ болуу мотивдери белгиленет. Социалдык мотивдерге баладагы башка адамдар менен баарлашууга, алардын баалоосуна жана колдоосуна болгон керектөөнүн пайда болуусу кирет. Ошону менен катар балада коомдук мамилелешүүдө өзүнүн ордун табууга болгон каалоосу пайда болот. Л. И. Божович (4) баланын чөйрөгө болгон мамилесинин өзгөчөлүгүн жаңылануу катары белгилеп "окуучунун ички позициясы" деп атаган.

Бул учурда балада үйдөн канааттандыра албаган, таанып-билүү керектөөсъ менен чондордун дүйнөсүнө кирүүгө мүмкүндүк берген, коом ичинен кандайдыр бир белгилүү позицияны ээлөө керектөөсүнүн ширендиси жаңы түзүлүштүн пайда болуусуна түрткү болот. Мектеп балдарга улуулар дүйнөсү менен байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет. Балдар мектепке сөзсүз баруу керектигин түшүнөт. Алар таанып-билүү керектөөсүн коомдук мамиленин системасынан жаңы орун табуу менен, жаңы статуска ээ болуу менен канааттандыра алууга мүмкүн экендигин түшүнө башташат.

Бул куракта бала өзүнүн мүмкүнчүлүгүн баалоодо окуу ишаракетиңе тиешелүү ыкмаларды аткарууну белгилейт. Экинчиден, баланын жүрүм-турумунун калыптанышы анын жыйнактуулугунун, аракеттерди пландаштырууга умтулуусу, өзүн контролдой билүүсү менен мүнөздөлөт. Мектепке барар алдында бала өзүнүн эрк аракеттерин башкарып жөнгө салууга көнүгө баштайт.

Мындан тышкары талап кылынган аракеттерди аткарууда өзүн контролдоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Баланын жүрүм-туруму инсандык ички шартталган мүнөзгө өтөт. Мектепке чейинки бала берилген тапшырманы аткарууда, иштин ички планын түзүүгө, кыйынчылыктарды жеңүүгө көнүгөт.

Бул курактагы инсандык сапаттардын калыптанышы баланын мектепке болгон мамилесине таасир этет. Баланыньш мектепке интеллектуалдык даярдыгы. Баланын интеллектуалдык даярдыгын төмөндөгүлөр аныктайт: фон ичинен фигураны бөлө алууну камтыган, дифференциалдуу кабыл алуу; көңүл бурууну концентрациялоо; үлгүнү кайра жарата алуу; майда кол кыймылдарынын өнүгүүсү жана сенсомотродук координациялоо; кубулуштар ортосундагы негизги байланыштарды таба билүү жөндөмдуүлүгү менен аныкталган, аналитикалык ойлоо; логикалык кке тутуу мүмкүнчүлүктөрү жана башкалар.

Мектепке чейинки баланын таанып-билүү иш-аракетине болгон даярдыгы аларда түзүлгөн сандуу элестетүү жана түшүнүк менен эмес, ойдун деңгээли, ойлоо процесстери, анализдей билүү корутундулоо, салыштыруу менен аныкталат. Психолог Н. Н. Поддьяков (26) алты жашар баланын логикалык ойлоосунун калыптануусун изилдеп, төмөндөгүдёй өзгөчөлъктөрдү белгилейт. Эгерде төрт жашар бала белгиленген милдеттерди чечүүдө анын себебин түшүндүрө албаса, алты жашар бала белгиленген милдеттерди чечүүдө ой жүгүртүп, ой корутундусун түзөт. Ш. А. Амонашвили алты жашар баланын мектептеги окууга даярдыгын ойлоонун калыптаныш, берилген суроонун багыттуулугу, маанилүүлүгү жана оюн ыкмаларын пайдалана билүү менен байланыштуу изилдеген. Ойлоонун өнүгүүсүндө: өнүгүү шартын жана өнүгүү булагын ажырата билүү маанилүү, деп көрсөткөн.

Өнүгүү шарты: айлана-чөйрөнүн таасири, тарбия, окуу каражаты, оюн ыкмалары; Өнүгүү булагы, ички карама-каршылык, баланын каалоосу жана мүмкүнчүлүгү. Бала айлана-чөйрөдөгү кубулуштардын маанилүүлүгүн көрүп, анын ичинен өзү таанып билген заттарды ажыратуугаумтулат. Алты жашар баланын таанып билүүгө умтулуусу анын акыл иш-аракетин активдештирет. Бул куракта сенсордук өнүгүү туюу жана кабыл алуу ойлоого караганда интенсивдүү өнүгөт.

Сенсордук процесстин калыптанышында заттардын айрым касиеттерин чагылдыруу, аны ажырата билүү, туура түигүнүк алуу маанилүү. Алты жашар балада жаңы маанилүү сенсордук жөндөмдүүлүк калыптана баштайт. Анализаторлордун иши, практикалык аракеттер маанилүү орунга ээ. Айрыкча алты жашар бала перцептивдүү аракеттердин татаал системасын өздөштүрүп, заттардын сапаттуу өзгөчөлүгүн кабыл алып анализдейт. Мисалы, заттардын көлөмүн, салмагын, окшоштугун, айырмачылыгын ажыратат.

Алардын сёз байлыгы артат. Мектеп жашына чейинки балада көрүү аркылуу кабыл алып кайра чагылдыруу ургаал өтөт. Алты жашар балада узак жана кыска убакытка, эрктүүэске сактоо активдешет. Эс процессинин өнүгүүсү баланын окууга болгон жөндөмдүүлүгүнө таасир этет. Мектеп жашына чейинки балада окуу иш-аракетинин башталышында интеллектуалдуу билимге умтулуу байкалат.

Психолог Л. С. Выготский (12) баланын окууга психологиялык жактан даяр болушун сандуу жыйынды катары карабастан, ойлоонун сапаттуу өзгөчөлүгүнөн чагылдырылышы катары көрсөткөн. Л. С. Выготский менен Л. И. Божовичтин көз карашы боюнча, эгер бала айланачөйрөдөгү заттарды жана кубулуштарды жалпылап жана дифференциялай ала турган болсо, ал мектепке интеллектуалдык даярдыгы болот. Балдар бакчасында жүргузүлгөн эксперименттин негизинде В. С. Мухина баланын интеллектуалдуу жөндөмдүүлүгүн багыттап, ички дүйнөсүн байытуу мектептеги окутуунун негизги максаты деп белгилеген. A. А Люблинская (26) алты жашар баланын ой процессинин өнүгүүсүн речь менен байланыштуу караган. Тарбиячынын балдарга берген суроосунун тактыгы анын ойлоосун багыттап жөнгө салып, акыл аракетин активдештиръъ жөндөмдүүлүгүнө ээ деп белгилейт.

Ал өзүнүн изилдөөсүдө "бул эмне?" деген суроого бала үстүртөн жооп кайтарса, "эмне үчүн?", "кандайча?", "ойлонуп көрчү" деген суроолор баланы заттардын, кубулуштардын ички себебин анализдеп, түшүндүрүүнүн каражаты катары кызмат кылат деп аныктаган. A. А. Люблинская (26) баланын мектептеги окууга болгон даярдыгында төмөндөгүдөй көрсөткүчтөр менен аныктаган: 1. Мектеп жашына чейинки баланын ар кандай ыктарга, практикалык аракеттерге ээ болуусу.2. Ойлоонун жана речтин өнүгүүсүнүн белгилүү деңгээлге жетиши.3. Эрк сапаттарынын пайда болуп калыптанышы.4. Жаңы нерселерге болгон кызыгуусунун жана керектөөнүн акивдүүлүгү.5. Баланын билимдин белгилүү жыйындысына ээ болушу.

Баланын мектептеги окууга даяр болушунда A А Люблинская, В. С. Мухинаж. б. психологдор баланын психикасынын өнүгүүсүндө сапаттуу өзгөчөлүктөрдү бөлүп көрсөтүшкөн. Н. И. Гуткина баланын мектепке болгон даярдыгын речтин сапаттуу өнүгүүсүндө көргөн. Речтин өнүгүүсү интеллект менен тыгыз байланышта болуп, баланын жалпы өнүгүүсүн чагылдыруу менен логикалык ойлоонун деңгээли боюнча кабар берет. Д. Б. Эльконин (73) баланын мектепке болгон даярдыгына анализ жүргүзүп, окуу иш-аракетинин бир нече өбөлгөлүү шарттарын белгилейт: баланын өзүнүн кыймыл-аракеттерин эрежеге ылайык аңсезимдүү башкара билүүсү; -коюлган талап системаларына таяна билүүсү; -сүйлөп жатканды кунт коюп уга билүү жана оозэки берилген тапшырманы так аткара билүү; -көрүү аркылуу кабыл алынган үлгүнүн негизинде талап кылыган тапшырманы өз алдынча аткара билүү.

Психолог Д. Б. Эльконин (73) алты-жети жашар балдарда мектептеги окууга болгон мамилесинде кризистин пайда болущүн белгилейт. Жаш курактын бир мезгилинен, экинчи мезгилине өтүүдө мындай кризис байкалат. Мектепке барар алдында анын окууга болгон кызыгуусу менен мүмкүнчүлүгүнүн ортосунда жана мамилелердин системасында пайда болгон карама-каршылык кризистин пайда болушун чагылдырат.

Бул куракта баланын мектептеги окуүга болгон каалоосу, кызыгуусу активдешет, Ал окуу иш-аракетинин башталышында сырткы турпатында бейкапар болгонсуйт же кубануу сезимин чагылдырат, бирок ички абалында тынчсыздануу, ишенимсиздик пайда болот. Д. Б. Элькониндин окуусунун негизинде Л. Ф. Обухова окуу ишаракетинин башталышында балада жүрүм-турумдун эрктүүлүгүн жана акыл аракетинин, таанып-билүнүн эталондорун калыптандыруу өзгөчөлүгүн белгилеген. Л. С. Выготский (13) баланын психикалык өнүгүү деңгээли "жакынкы арада өнүгүү зонасына" туура келгени оң экендигин белгилейт.

Психикалык өнүгүү деңгээлин билүү үчүн тиешелүү болгон тапшырмаларды берүү менен баланын өз алдынча иштөө деңгээлин чоңдордун жетектөөсү менен жана биргелешип иштөө өзгөчөлүктөрүн аныктоо керектигин эскертет. Мектепте окууга болгон психологиялык даярдык бул окутуу шартындагы курбалдаштар арасында мектептеги окутуу программасын өздөштүрүү үчүн болгон баланын жеткиликтүү деңгээлдеги психикалык өнүгүүсү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)