Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Баланын психикасынын өнүгүүсүндө биологиялык жана социалдык факторлор

Баланын психикасынын өнүгүү проблемасы балдар психологиясында негизги орунду ээлейт. Психиканын өнүгүүсү көптөгон шарттарга байланыштуу. Ошондуктан балдар психологиясынын эң негизги милдеттеринин бири катары психиканын өнүгүүсүн, шартын аныктоо болуп саналат. Илимде өнүгүүнү аныктоочу өбөлгө катары баланын организминин табигый касиети (мээнин түзүлүшү жана анын иши) жана адамдар коому белгиленген.

Организмдин функциясы жана түзүлүшү атадан балага өтүп сакталат. Жаңы төрөлгөн баладагы адамдын нерв системасы, мээси татаал психикалык иш-аракеттин органы катары кызмат кылууга жөндөмдүү. Бирок мындай биологиялык фактор өзгөрбөйт деп айтуу мүмкүн эмес. Психолог Л. С.Выготский баланын психикасынын өнүгүүсүндө биологиялык жана социалдык шарттын алгылыктуулугун же катнашын изилдеген.

Ал адамдын жогорку психикалык функциясынын пайда болушунун коомдук-тарыхый теориясын түзгөн. Л. С.Выготский баланын психикасынын өнүгүүсүндө социалдык жана биологиялык фактордун байланышынын тезисин иштеп чыккан. Л. С.Выготскийдин көз карашына ылайык адам тарыхый өнүгүүсүндө өзүнүн жүрүм-турумунун жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн жаратуу деңгээлине которулган.

Адамдын жаңы керектөөлөрү коомдо жашоодо гана пайда болуп, өнүгө алды, ал эми табигый керектөөлөрү тарыхый өнүгүүнүн негизинде терең өзгөрүүлөргө дуушар болушкан. Л. С.Выготский биринчи болуп, балдар психологиясына тарыхый принципти киргизген. Тарыхый изилдөө дегенибиз – булл кыймылдын, өзгөрүүнүн негизинде изилдөө болуп эсептелет. Ар бир маданий өнүгүүнүн формасы, маданий жүрүм-турумдун формасы – бул адамзаттын тарыхый өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгү. Л. С.Выготскийдин көз карашы боюнча, жогорку психикалык функциялардын өнүгүүсүндө чөйрө өнүгүүнүн булагы катары такталат.

Жогорку психикалык функциялар алгач балада коллективдүү жүрүм-турумдун формасы катары, башка адамдар менен кызматташтык формасы катары пайда болуп, бара-бара баланын өзүнүн индивидуалдуу функциясы болуп калат. Мисалы, баарлашуу адегенде адамдар арасында мамилелешүү, сүйлөшүүнүн каржаты, бирок өнүгүүнүн жүрүшүндө ал ички интеллектуалдык функцияны аткара баштайт. Адамдын чөйрөгө болгон мамилеси жаш өткөн сайын өзгөрөт, демек өнүгүүдө чөйрөнүн ролу да өзгөрөт.

Л. С.Выготский, чөйрөнүн таасирин баланын сезимдик кабыл алуусуна карай аныктоо керектигин тактаган. Баланын болуп жаткандарды сезимдик башынан өткөрүүсү чөйрөнүн баланын өнүгүүсүндө болгон ролун анализдөөнүн башаты болот. Баланын психикасынын өнүгүүсү психологдор Л. С.Выготский, А. Н.Леонтьев, П. Я.Гальперин, А. В.Запорожец ж. б.лар тарабынан изилденген. Алар адамдын психикасынын өзгөчөлүгүн аныктоодо маданий, социалдык белгилерди аныктап, анын ичинен речке, тил катнашынына өзгөчө мани берген. Баланын психикасынын өнүгүүсүндө биологиялык факторлор берилгендер менен гана аныкталбайт.

Бала төрөлгөндө тубаса жана жекече касиеттер даяр түрдө берилет. Мындай өзгөчөлүктөр баланын түйүлдүк мезгилинде сырткы чөйрөнүн энеге таасир этишинин натыйжасында пайда болот. Ымыркай төрөлгөндө нерв системасынын тиби, тубаса болгондуктан, келечекте баланын психикасынын өнүгүүсүнүнө таасир этет. Тукум куучулукту тубаса даяр берилген сапаттардан ажырата билүү зарыл, бул өзгөчөлүктөр бала төрөлөр алдында пайда болот да, өнүгүүнү инсанда билогиялык фонду түзөт. Бул пайда болгон сапаттар баланын жашоо турмушунда белгилүү деңгээлде тарбиянын таасири астында өзгөрүп, калыптанат.

Тарбия психиканын өнүгүү шарты. Тарбиянын психиканын өнүгүүсүндө тийгизген таасирин анализдеп, окумуштуулар «Маймылдын балдарын адам сыяктуу окутуп тарбиялоого аракеттенсе кандай болот?», «Анда айрым адамзатка тиешелүү сапаттар өнүгөбү?

» деген сыяктуу суроолорду чечмелөөгө умтулушат. Бул максатта зоопсихолог Надежда Николаевна Ладыгина-Котс бир жарым жашынан төрткө чыкканча Иони аттуу кичинекей шимпанзени үйүндө тарбияланган. Ага адамдардын буюмдарына жана оюнчуктарды берип, бакма «энеси» бул буюмдарды пайдаланууну жолу менен тааныштырууга, сүйлөө аркылуу мамиле түзүүгө үйрөтүүгө аракеттенген. Маймылдын өнүгүүсү күндөлүккө жазылган. Он жыл өткөндөн кийин Надежда Николаевна уулду болуп, атын Рудольф (Руди) коет.

Төрт жашка чыкканча анын өнүгүүсүнө системалуу байкоо жүргүзөт. Мунун натыйжасында шимпанзенин жана адамдын баласынын өнүгүүсүн ар кандай шартта анализденген. Баланын өнүгүүсү менен маймылдын өнүгүүсүн салыштыруудан эмнелер аныкталган? Жүргүзгөн байкоолордон маймыл менен баланын оюн аракеттинде, эмоционалдык абалында окшоштуктар байкалган жана бир катар принципиалдуу айырмачылыктар белгиленет. Шимпанзе колун жерден алып, түз басуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт.

Ал адамдын көптөгөн аракеттерин туурайт, бирок куралдарды жана заттарды пайдаланууда мындай окшоштуруп тууроо ыктарды өздөштүрүп, өркүндөтүүнү камсыз кылбайт. Муну төмөндөгү мисалдан көрүүгө болот. Иони балка менен мык какканды окшоштуруп туураган, бирок бир учурда ал толук күч жумшай албаса, экинчиден мыкты тик кармабайт да, мыкты кага албай убараланат. Натыйжада «тажрыйбага» карабастан Иони бир мыкты кага алган эмес.

Маймылдын баласы үчүн чыгармачылык мүнөздөгү оюн, ыктарды өздөштүрүүнүн каражаты боло албайт. Жогорудагыдай изилдөөнү Америкалык окумуштуу-жубайлар Д. Келлог жана К. Келлог жүргүзүшкөн натыйжасы бирдей болгон. Натыйжада адамдын психикалык сапаттары анын мээсинин ишинин негизинде пайда болот. Адам баласынын жана айбандардын психикасынын өнүгүү жолу ар башка. Айбандарда муундан муунга өтүп келген ыктардын нерв системасында инстинкт катары бекемделиши, жашоонун шартына көнүгүүсү белгиленет.

Адамдын нерв системасынын башкы касиети, анын өзгөрмөлүүлүгү жүрүм-турумдун жаңы формасы, убактылуу байланыштардын татаал системасын өздөштүрүүгө болгон көнүгүүсү психиканын өнүгүүсүнүн кыймалдыткыч күчү катары каралат. Баланын психикасынын өнүгүүсүнүн себеби, анын коомдук тажрыйбаны өздөштүрүүсү болот. Айбандар үчүн айлана-чөйрө көнүгүү шартынын жыйындысы болсо, бала үчүн айлана-чөйрө өнүгүүнүн булагы. Адамдар коомунда тарбияланбаган бөбөк жаныбарлардын өнүгүү деңгээлинде болоорун психологиялык адабиятта берилген мисалдардан көрөбүз.

1920-жылы индиялык психолог Риду Сингху карышкырлар уурдап кеткен эки кызды мергенчилердин жардамы менен алып келип тарбиялоого аракеттенет. Амала 8 жашта, Камала 1,5 жашта экени аныкталат. Алар төрт аяктап чуркайт, карышкырдай улуйт, адамдардан, жарыктан, оттон коркуп жашынышат.

Амала бир жылдан, Камала он жети жылдан кийин өлгөн. Бирок он жети жаштагы Камаланын акылынын өнүгүү деңгээли төрт жашар баланыкындай болгон. Ал төрт жылдан кийин алты сөздү, жети жылдан кийин 45 сөздү үйрөнгөн. Экинчи бир мисал АКШда никесиз төрөлгөн алты жашар кызды чатырдан табышкан. Кыз уктап жатканда тамакты калтырып, аны менен эч кандай мамилелердин системасы түзүлбөгөндүктөн, ал сүйлөгөндү билген эмес.

Аны ооруканага жайгаштырып сүйлөө речинин калыптанышына шарт түзүлгөн. Мындай көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Бул мисалдар бөбөк төрөлгөн күндөн айрыкча бир жаштын аягына чейин чоңдор анын психикасынын өнүгүүсүнүн негизги шарты катары мамилелердин системасын камсыз кылып, тарбия ишин багыттап жөнгө салуу маанилүү орунга ээ экендигин далилдейт. Ансыз бөбөктүн тагдыры татаалдашат, психиканын өнүгүүсү камсыз болбойт. Заттар, эмгек куралдары, психикалык аракеттин ыктары, мамилелердин системасы адамдын укум-тукумдарынын корутундуланган тажрыйбасын чагылдырат.

Коомдук тажрыйбаны өздөштүрүү татаал процесс, бала булл тажрыйбаны өздөштүрүүгө тийиш, ансыз ал коомдук өндүрүштүн катышуучу адамы боло албайт. Бала чоң кишилерден белгилүү билимдерди гана албастан, дүйнөнү таануунун, аракеттенүүнүн ыктарын өздөштүрөт. Өнүгүү процессинде баланын аракеттеринин мазмуну жана мүнөзү өзгөрүшүнө байланыштуу маалымат арттыруучу процесстер, дүйнөгө карата болгон мамиле сапаттуу түрдө өзгөрөт. Баланын өнүгүүсү социалдык законго баш ийет.

Ар бир муун өзүнүн тажрыйбасын, билимин, психикалык сапаттарын эмгектин натыйжасында чагылдырат. Аларга материалдык жана духовный маданият кирет. Ар бир муун мурункулардын тажрыйбасын өздөштүрүп, билимдерге ээ болот, бул чоңдордун жетекчилиги астында, окуу жана тарбия процессинде өтөт.

Окуу тарбия процессинин психиканын өнүгүүсүнө тийгизген таасири төмөнкү мисалдан ачык көрүнөт. Жашоонун алгачкы образын сактаган Гуайкил уруусу жөнүндө француздук этнограф Виллар экспедициядагы кызыктуу кырдаалды белгилейт. Ал Парагвайдын бир аймагына экспедицияга барган. Ал жерде Гуайкил уруусу жашаган.

Алынган маалыматтар боюнча алар өздөрүнүн азыгын бал, жапайы куш, аарыны издеп, көчмөн катары жашашкан. Алардын тили өтө жөнөкөй болуп, башкалар менен катнаш жасашкан эмес. Гуайкил уруусу менен башкалар сыяктуу эле Виллар да таанышып, баарлаша алган эмес. Анткени, алар экспедиция жакындаганда эле шашылыш түрдө жер которуп кетип турушкан. Бирок алар кеткен журттан эки жашар кызды таап алган.

Виллар аны Францияга алып келип энесине тарбиялоого тапшырат. Жыйырма жылдан кийин баягы кыз үч тилди өздөштүрүп, окумуштуу – этнограф болгон. Бул уруунун өкүлдөрүн изилдөө алардын психикасынын, маданияттуу адамдан психикасынын кескин айырмаланбагандыгын көрсөткөн. Эгерде артта калган уурунун баласын азыркы замандагы үй-бүлөдө тарбияласа, анын өнүгүү деңгээли башкалардан айырмаланбагандыгы белгиленет. Демек, баланын табигый касиеттери, психикалык сапаттардын түзүлүшүнүн өбөлгөсү.

Бул сапаттар социалдык мураска ээ болуунун натыйжасында пайда болот. Бала табияттан речтик тыбыштарды ажыратууга керектүү угуу аппаратынын түзүлүшүн жана нерв системасынын ага ылайык келген бөлүгүн алат. Бирок сөздү угуу тигил же бул тилди өздөштүрүү чоң кишилердин жетекчилиги астында өнүгөт да эне тилинин өзгөчөлүгүн үйрөнүүгө жардам көрсөтөт.

Бала төрөлгөндө чоң кишилерге таандык жүрүм-турумдун кандайдыр бир формасына ээ эмес. Бирок балада даяр түрдө берилген жүрүм-турумдун жөнөкөй формасы, шартсыз рефлекстер баланын жашоосунда гана эмес, анын психикасынын өнүгүүсүндө да өтө зарыл. Шартсыз рефлекстин негизинде, реакциянын сырткы таасирдүүлүгүнүн кеңейишине жана татаалдашына алып келген шарттуу рефлекстер иштелип чыгат. Элемантардык шартсыз жана шарттуу рефлектордук механизмдер баланын сырткы дүйнө менен болгон алгачкы байланышын камсыз кылат жана чоңдор менен болгон байланыштын шартын түзүп, коомдук тажрыйбанын ар түрдүү формасын өздөштүрүүгө түрткү болот.

Мунун таасири астында балада кийинчерээк психикалык сапаттар жана инсандык касиеттер түзүлөт. Коомдук тажрыйбаны өздөштүрүү процессинде айрым рефлектордук механизмдер мээнин функционалдык органынын татаал системасына биригет. Мындай ар бир система бирдиктүү, толук иштеп сөздү, музыканы угууну, логикалуу ойлонуу жана башка адамга таандык психикалык сапаттарды камсыз кылган жаңы функцияны аткарат. Балалык мезгилде баланын организми интенсивдүү өнүгүп, анын нерв системасынын жана мээсинин жетилүүсү өтөт. Алгачкы жети жылдын ичинде анын мээсинин массасы болжолдуу түрдө үч жарым эсеге артат, анын түзүлүшү өзгөрөт, функциясы өркүндөйт.

Мээнин жетилүүсү психиканын өнүгүүсүндө өтө маанилүү, мунун натыйжасында ар кандай аракеттерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү кеңийт, баланын ишке жөндөмдүүлүгү жогорулайт, максаттуу жана системалуу окуу жана тарбияны иш жүзүнө ашырууга шар түзүлөт. Өнүгүүнүн жетилиши мээнин активдүү ишине, балага сырттан таасир эткен шарттарга, чоңдордун тарбия ишине байланыштуу. Илимий далилденгендей жеткиликтүү машыкпаган мээнин бөлүктөрү өнүкпөйт, ал түгүл кызмат кылуу жөндөмдүүлүгүнө ээ эмес.

Эң жакшы азыктандыруу жана багуу маанилүү болуп, тарбия жетишсиз болгондо өнүгүүнү камсыз кылбастыгын да психологдор аныкташкан. Чоңдордун бала менен системалуу карым-катнашы, баланын заттар менен аракеттенүүсүн уюштуруу жана башка шарттар өнүгүүнүн өбөлгөсү боло алат. Баланын мээсинин өсүп жетилүүсү узак бир жактуу иш-аракетке айрыкча сезгич келет. Мунун негизинде тарбиянын таасирдүүлүгү жана анын көп жактуулугун жөнгө салуу милдети пайда болот.

Психологиялык адабиятта белгиленгендей жаш ата-эне бала менен баарлашпастан, радиону угузуп коюп баланы жалгыз калтырышканда балада мээнин угуу бөлүкчөсүндө туруктуу тормоздоо пайда болгон. Ал дүлөй болуп калган, бул кайгылуу учур, анткени балада жандуу, адамдар коомуна багытталган карым-катнаш түзүлгөн эмес. Жетилип келе жаткан организм тарбиялоонун жагымдуу шарты боло алат. Бала чакта болуп өткөн окуялар, анын кийинки жашоого тийгизген таасири маанилүү. Бала чактагы өткөрүлгөн окутуунун элементи, чоң адамды окутууга карганда баланын психикалык сапаттарынын өнүгүүсүнө зор таасир этет.

Табигый өбөлгө – организмдин түзүлүшү, анын функциясы, өсүп жетилиши психиканын өнүгүүсүндө зарыл, ансыз өнүгүү өтүшү мүмкүн эмес, бирок алар балада кандай психикалык сапаттар пайда болоорун аныктай алышпайт. Бул тарбиянын жана жашоо шарттын таасири астында баланын коомдук тажрыйбаны өздөштүрүүсүнө байланыштуу. Коомдук тажрыйба психиканын өнүгүүсүнүн булагы катары кызмат кылат, андан бала чоңдордун жардамы аркылуу психикалык сапаттардын жана инсандык касиеттеринин түзүлүшүнө керектүү маалымат алат.

Бирок тажрыйбаны өздөштүрүү процессин үстүртөн кароого болбойт. Анткени бала өзүнө жакын чөйрөнүн активдүү мүчөсү катары каралат. Ал өзүнүн каалоосун, керектөөсүн, кызыгуусун билдирүү менен чоңдорго кайрылат. Оюнчукка, адамдарга болгон тандалмалуу мамилеси байкалат. Бала жашоонун биринчи жылында активдүү субъект катары аракеттердин системасын өздөштүрөт.

А. Н.Леонтьев, П. Я.Гальперин, А. В.Запорожец, А. А.Люблинская ж. б. психологдор өздөрүнүн изилдөөлөрүндө баланын активдүүлүгү оюн, окуу иш-аракетинде гана чагылдырылбастан, таанып-билүү процессинде маанилүү орунга ээ экендигин көрсөтүшкөн. Баланын активдүүлүгү, сырткы чөйрө менен мамилеси, баарлашуусу, карым-катнаштын алкагында болуп иш-аракетке багытталат. Активдүүлүктүн мүнөзү, мааниси, формасы баланын өнүгүүсүндө күн сайын өзгөрүп турат.

Баланын активдүүлүгү анын иш-аракеттеринен көрүнөт. Баланын активдүүлүгүнүн өнүгүүсү төмөндөгүдөй мүнөздөлөт:1.Ымыркайдын таасир эткен дүүлүктүргүчтөргө берген жообу, реактивдүү аракет эрктүү мүнөзгө өтөт. Активдүүлүк чыгармачыл мүнөзгө ээ.2.Ымыркайдын жөнөкөй кыймылдары колу-бутун кыймалдатуу, башын буру, үн салу, эрте жаш куракта балага көрсөтүүнүн жана окуу элементинин таасири астында заттар менен аракеттенүүнү пайда кылса кийинчерээк татаал иш-аракетке өтөт. Мындай иш-аракет уюшкан мүнөзгө ээ.3.Сүйлөө речине ээ болуу менен баланын активдүүлүгү интелектуалдуу мүнөзгө өтүп, оюн процессинин мазмунун ачык чагылдырууга эмгек тапшырмасын аткаруунун жолун өздөштүрүүгө багытталат.4.Өнүгүүнүн бардык этаптарында баланын активдүүлүгү:-аракеттерди окшоштуруп тууроо формасында, оюнда, жүрүм-турумунда чагылдырылат;-аракеттерди аткарууда бала чоңдордун талабына баш ийип, керектүү кыймылды жана аракеттерди иш жүзүнө ашырат. Мындай жол менен көнүгүү иштелип чыгат;-аракеттердин өз алдынчалыгы, бала кездешкен жаңы заттарды кармалайт, ыргытат, бул аракеттер изилдөөчү «бул эмне» рефлекси менен мүнөздөлөт.

Сүйлөөнү өздөштүрүү учурунда бала чоңдорго көптөгөн суроолор менен кайрылат, бул изилдөөчү рефлекстен байкалат. Алты-жети жашар балдардын активдүүлүгү чыгармачыл мүнөзгө ээ. Мындай активдүүлүк өз алдынча аракеттерден байкалат.5.Баланын активдүүлүгү чоңдордун өздөрүнө карата болгон мамилесине багытталат. Бөбөктө чоңдорго карата керектөө байкалат.

Азыктануусу жана башка керектөөлөрдү канаатандырууда чоңдордун жардамына муктаж. Өнүгүү процессинде мындай мамиле өзгөрөт. Мектеп жашына чейинки бала үчүн чоңдор билим берүүнүн булагы, ал чоңдордун ой корутундусуна, баалоосуна муктаж.6. Эң кичине бөбөк курагынан баштап баланын активдүүлүгү өнүгүп, өнүгүүнүн ар кандай жаш курагында баланын активдүүлүгүнүн жетишүүсүнө, тарбияланышына багытталат, өнүгүүнүн ар кандай түрү пайда болот, бирок активдүүлүктүн формасы, мазмуну өнүгүү процессинде маанилүү түрдө өзгөрөт.

Эгерде эрте жаш курактагы бөбөк жакын кишилердин, энесинин кыймыл-аракетин жөн гана туураса, кенже мектеп окуучусу өзүнө жаккан адамдардын аракеттерин, ой жүгүртүүсүн мазмундуу түрдө кабыл алып, чагылдырат. Кенже мектеп окуучулары татаал эмгек, окуу аракеттерин өздөштүрүп жазуу, окуу ыкмаларына ээ болот. Бала өздөштүргөн аракеттерди белгиленген милдеттерге багыттап, аларды баалайт.

Активдүүлүктүн жекече өзгөчөлүгү баланын башка адамдар менен болгон мамилесинен байкалат. Темпераменттин өзгөчөлүгү башкача айтканда нерв процессинин тубаса күчү, тең салмактуулугу жана кыймылдуулугу баланын айлана-чөйрөдөгүлөр менен болгон мамилесине да белгилүү шартта таасир этет. Тең салмаксыз бала, тынч, тең салмактуу балага караганда чоң адамдардан көптөгөн эскертүүнү угат да, өздөрүнө карата көңүл бурууну талап кылат. Баланын ден-соолугунун начардыгы, көп оорушу да чоңдор менен болгон мамиленин мүнөзүнө таасир этет.

Демек чоңдор менен мамиле түзгөндө баланын активдүү ишкер катары катышышы маанилүү. Баланын жашы жогорулаганда тажрыйбасы артып, өз алдынчалыгынын демилгеси кеңийт, бул баланын чоңдор менен болгон мамилесинин өзгөчөлүгүнө жана мазмунуна таасир этет. Психология илиминдеги изилдөөлөрдүн негизинде баланын айлана-чөйрө менен болгон мамилеси психиканын өнүгүүсүнүн жана ага карата диалектикалык мамиленин себеби катары белгиленген, мунун негизинде балада психиканын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгү ачылат. Баланын өнүгүүсү инсандык психикалык сапаттарынын өркүндөө жолунун чечилишинде көптөгөн карама-каршылыктарды пайда кылуучу процесс. Баланын сырткы чөйрө менен мамилесинин мүнөздүү өзгөчөлүгү – кыйынчылык, туруксуздук, ички карама-каршылыктарды пайда кылуучу процесс.

Баланын өнүгүүсүндө карама-каршылыктарды жана татаал процесстерди ийгиликтүү башкарып жөнгө салууда, жогорку нерв ишмердүүлүгүнүн законун пайдаланып, педагогиканын жана психологиянын жетишкендиктерин окутууну жана тарбиянын өнүктүрүүчү шартын түзүү зарылчылыгы белгиленген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)