Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балбаков Мурат

Баш барак | Биографиялар | Балбаков Мурат

(1936-жылы туулган, Ысык-Көл району, Корумду айылы) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1992), профессор (1989). Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген экономисти (1992). К. айыл Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясын бүтүргөн (1958). 1958—61-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын экономика институтунда улук экономист, кенже илимий кызматкер, 1961—64-жылы СССР Илимдер Академиясынын экономика институтунун аспиранты, 1964—65-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын экономика институтунда кенже, улук илимий кызматкер, 1966—75-жылы сектор башчысы, 1975—83-жылы бөлүм башчы, 1984—85-жылы жайыт жана тоют институтунун директорунун илим боюнча орун басары, 1985—91-жылы Агроөнөр жай комплекси башкармасынын республикасы жогорку мектебинин ректору, 1991—92-жылы Агробизнес борборунун аткаруучу директору, Айыл чарба министрлигинин айыл ишкерлери менен менеджерлерин даярдоо институтунун ректору, 1992-жылдан Кыргыз Республиканын Жогорку Аттестациялык төрагасынын орун басары. Негизги илимий эмгектери айыл чарбасынын экономикасына, ал эми кийинки учурда агрардык сектордогу рыноктук мамилелердин негиздери жана аларды ишке ашыруу маселелерине арналган.

Агрардык экономикалык илимдер проблемалары боюнча 80ден ашьпс илимий эмгеги (анын ичинде 16 онография жана китепче) бар. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 547, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу