Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынын илим катары өнүгүүсү

Баш барак | Психология | Балдар психологиясынын илим катары өнүгүүсү

Балдар психологиясынын илим катары өз алдынча пайда болуп өнүгүүсүндө төмөнкү шарттар маанилүү. Биринчиден, жалпы психологиянын өнүгүүсү менен катар адамдын психикасы, иш-аракети жөнүндө окумуштуулардын эксперименталдык изилдөөлөрүнүн уюштурулушу. Экинчиден, биология илиминдеги табылгалардын баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөгө түрткү болушу. Үчүнчүдөн, педагогдордун, врачтардын, философтордун, бөбөктүн акыл ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн алгачкы байкоолору, баланын психикасынын өзгөчөлүгүнө кызыгуунун булагы катары каралышы.



Төртүнчүдөн, балдар психологиясында жүргүзүлгөн илимий-эксперименталдык изилдөөлөрдүн негизинде баланын психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүнүн кеңири ачылышы. Бешинчиден, акыркы жылдарда илимий борборлордо жүргүзгөн изилдөөлөрдүн Кыргызстанда балдар психологиясынын өнүгүүсүнө тийгизген таасири. Көрүнүктүү чех педагогу Ян Амос Коменский (1591-1670) биринчилерден болуп окуу системасын баланын ички жан дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык түзүү идеясын айткан. Жан-Жак Руссо (1712-1778) кичинекей бөбөктүн психикасынын өзгөчөлүгүнө кылдат мамиле жасоо керек, чоңдор баланын акылынын, каалоосунун, сезиминин бөтөнчөлүгүн ар дайым туура түшүнө алышпайт жана «эркин тарбиялоо» зарыл деген ойду айткан.



Анын ою боюнча баланын өнүгүүсүндө табияттын таасирдүүлүгү маанилүү, ошондуктан бул процесске чоңдордун кийлигишүүсү зыяндуу деп эсептеген. Генрих Песталоцци (1796-1827) баланын өнүгүүсүндө чоңдордун аларды системалуу окутуусуна өзгөчө мани берген. Бул идея анын «Гертруда өзүнүн балдарын кандайча окутат» деген эмгегинде чагылдырылган.



XVIII кылымдагы педагогиканын өкүлдөрүнүн көз карашында өнүгүүгө карата карама-каршы концепциялар белгиленген. Бул балдар психологиясынын тарыхында сакталып калган. Балдар психологиясы өз алдынча илим катары пайда болгонго чейин жогоруда көрсөтүлгөндөй баланын психикасынын өзгөчөлүгү жөнүндө ар кандай ой жүгүртүүлөр болгон. Алар баланын психикасы, анын өзгөчөлүгү жөнүндө кызыктуу пикирлерди айтышкан.



Балдар психологиясы өз алдынча илим катары пайда болгонго чейин Россияда В. Н.Татищев (1686-1750), Н. И.Новиков (1744-1818), А. Н.Радищев (1749-1802) сыяктуу маданияттын өкүлдөрү өздөрүнүн эмгектеринде психиканын өнүгүү өзгөчөлүгү, айрыкча балдардын психикасынын өнүгүүсү жөнүндө ой жүгүртүшкөн. В. Н.Татищев баланын башка адамдардын тажрыйбасын жана билимин үйрөнүүсүн акылдын өнүгүүсүнүн булагы катары караган. Ал мындай тажрыйба карым-катнаш, жазуу сабаттуулугу аркылуу берилет да, адам балага жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп белгиленген. Ушул эле көз карашты Н. И.Новиков (1744-1818) айткан.



Ал баланын эс акылы, нравалык сезими айлана-чөйрөдөгү заттарды кабыл алуусун жана чоңдорду окшоштуруп тууроосуна байланыштуу өнүгөт деп далилдеген. Н. И.Новиков өнүгүүнүн жана адамды тарбиялоонун негизи катары, китепти, билимди бөлүп карап, ал окутуунун эрте башталышы зарыл, айрыкча, балдар сүйлөй баштагандан тартып – деген ойду айткан. Кечирээк окутуу өнүгүүгө тоскоолдук кылат. Ал баланын өнүгүү стадияларын белгилеген («өнүгүү деңгээли, баланын жаш кези», «балалык», «жаштык»). «Баланын жаш кезиндеги» негизги маселе анын биологиялык керектөөлөрүн канаттандыруу.



«Балалык» кезде эң башкысы окшоштуруп тууроо, «Жаштык» кезде бардыгын таанууга жана сыноого умтулуу, өзгөчө орунду ээлейт. Н. И.Новиков жаштар үчүн биринчи жолу илимий популярдуу «Акыл эс жана көңүл үчүн балдарга окуп берүү» деген журналды чыгарат. Анда жаратылыштагы кубулуштар жана психика жөнүндө ошол учурдагы көз караштарды баяндаган. Н. И.Новиков илимий ой жүгүртүүнүн натыйжасында теорияга жана практикага психологияны киргизүүнүн зарылчылыгын белгилеп, өнүгүүнүн окутуу менен болгон байланышын туура чечкен.



Н. И.Новиковдун замандашы А. Н.Радищев психиканын өнүгүүсүнүн социалдуулугуна өзгөчө мани берген. Орус элинин жазуучу-революционери А. Н.Радищев «Адам жөнүндө анын өлүм саны жана өлбөс-өчпөстүгү» деген илимий чыгармасында Ж. Руссонун баланы эркин тарбиялоо идеясын сынга алып, аларды «талаадагы, токойдогу иштеген эмиль сыяктуу түшүнүктөр», - деп караган. Ал психиканын өнүгүүсүн баланын башка адамдар менен мамилесинин негизинде ачып көрсөтүп «адам коомдук нерсе өзү сыяктуулардын коомунда жашоо үчүн жаралган» деген ойду ал өз каттарында кайталайт. А. Н.Радищев, психиканын өнүгүүсүндө сүйлөөнүн ролун өзгөчө белгилейт, анткени сүйлөө аркылуу адамдар бири-бирине таасир этет. «Жаратылыш, адамдар жана буюмдар адамды тарбиялоочу мааниге ээ…» - деп жазган, бирок алгачкы адам баласынын өркүңдөөсүнө түрткү берүүчү күч бул сүйлөө (сүйлөө).



Бөбөк сүйлөгөнгө үйрөнгөн мезгилден баштап анын акыл-эси өнүгүп көрүнүктүү боло баштайт. Демек А. Н.Радищев эмгегинде адамдын психикасынын өнүгүүсүнүн социалдуу мүнөзү жана өнүгүү процессинде сүйлөөнүн өзгөчө ролу жөнүндө прогрессивдүү ой берилген. В. Г.Белинский (1811-1848), А. И.Герцен (1812-1870), А. Н.Добролюбов (1836-1861), кийинчерээк А. Ф.Лазурский (1874-1917) ж. б. лар баланын инсандык сапатынын толуктугу жөнүндө жаңы ой жүгүртүүлөрдү айтышкан.



Балдар психологиясынын илим катары түзүлүшүндө К. Д.Ушинскийдин, И. М.Сеченовдун эмгектери зор мааниге ээ. И. М.Сеченовдун «Мээ рефлекси» (1863-ж), «Психологияны кимдер жана кандайча иштеп чыгуу керек», «Ойдун касиеттери»(1878ж.) деген эмгектеринде балдар психологиясынын маанисин жана ордун аныктаган. Ал «Илимий психология» өзүнүн мазмуну боюнча психикалык ишмердүүлүктүн пайда болушундагы негизги окуу катары белгилейт. И. М.Сеченов балдар психологиясын изилдөөдөгү негизги ыкма катары генетикалык методду белгилеген. Ал өзү аны колдонуп, баланын психикасынын пайда болуусун байкаган жана психиканын өнүгүүсүнүн негизги мыйзам ченемдүүлүгүн аныктаган.



Ал кабыл алуунун жана туюунун өнүгүүсү баланын буюмдар менен болгон аракетине байланыштуулугун ачып көрсөткөн. И. М.Сеченов баладагы маалымат берүү ишмердүүлүктүн өнүгүүсүндө негизги багыт күңүрт билүүдөң, ар кандай нерселердин өзгөчөлүктөрүн ажыратуу анан алардын өз ара байланыштуулугун түшүнүү деп көрсөткөн. Сеченов баланын психикасынын өнүгүүсүндөгү негизги өзгөчөлүк башка адамдардын тажрыйбасына анын көз карандылыгы деп белгилейт.



Ал «…бала… бешиктеги мезгилинен баштап табигый таасир менен курчалган мунун үстүндө нечен кылымдар бою ой жүгүртүү болгон. Мурунку убактан бери балага иши жана сөзү менен башкалардын даяр формадагы тарбиясын тартуулайт.



Өз акылы менен билүүчү оор эмгекти алып таштайт». И. М.Сеченовдун бул теориясы советтик психологдордун эксперименталдык изилдөөсүндө далилденген. Балдар психологиясынын илим катары пайда болушунда К. Д.Ушинскийдин эмгектери мааниге ээ болгон. Айрыкча «Адамды тарбиялоонун предмети катары кароо» деген эмгегинде тарбиялоонун жана окутуунун психологиялык негизин баяндап, психиканын өнүгүүсүн жана инсандык калыптаныш өзгөчөлүгүн ачып түшүндүргөн.



Ага эмгектин кеңири түшүнүгү таандык, ал үйрөтүү бул эмгек жана бул жеңил-желпи эмгек эмес деп белгилеген. К. Д.Ушинскийдин экинчи жобосу сөздүн духовный маданиятын балага берүүдө эне тилин негизги фактор катары таануу. Ал эне тилине түшүнүп, аң сезимдүү өздөштүрүүнүн маанисин баса белгилеген.



«Эне тилин үйрөнүү менен» …. ар бир жаңы муун, мурдагы муундардын ойлоосун, сезимин өздөштүрөт…бала эне тилине үйрөнүү менен акылы, адептүүлүгү өнүгөт». К. Д.Ушинский баланын психикасынын негизги өзгөчөлүктөрүн: эрксиз көңүл бурууну, эрксиз эске тутууну, психикалык ишмердүүлүктүн образдуу түзүлүшү катары белгилеп, алардын окуу иш-аракетинде маанилүү орунга ээ экендигин көрсөткөң.



Ал салыштырууга өзгөчө маани берген. К. Д.Ушинскийдин кызыктуу пикири, оюнду баланын негизги иш-аракети катары карагандыгы. Оюн иш-аракети бүгүнкү күндө да өзгөчө мааниге ээ. К. Д.Ушинскийдин пикири боюнча оюн турмуштагы нерселерди чагылдырат, бала оюнда психикасынын негизги өзгөчөлүктөрү окутуунун методикасы, педагогиканын негизи катары кызмат кылат деген ойду айткан. К. Д.Ушинский эмгектеринде балдар психологиясы үчүн маанилүү изилдөө ыкмаларынун схемасын жана эксперименттин негизинде текшерилген фактыларды таба алган эмес, бар болгону болочок алдыда турган илимди куруунун негизин белгилеген.



Балдар психологиясынын өнүгүүсүндө баланын акылынын өнүгүүсүнүн факторун жана себептерин түшүнө билүү өзгөчө мааниге ээ. XҮX кылымдын аягынан баштап баланын жаш курак жана жекече айырмачылыгы, психикасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү көптөгөн окумуштууларды жана врачтарды да кызыктырган. Баланын психикасынын өнүгүүсү жөнүндө В. Прейердин «Баланын жаны» (1881) деген эмгеги кызыгууну пайда кылган. Өзүнүн баласына эртең менен, күндүз, кечинде системалуу түрдө байкоо жүргүзүп, ал баланын эмоционалдык абалынын өзгөчөлүгүн чагылдырган. Бала төрөлгөндөн 5 минутадан кийин бир жашка чейинки мезгилдеги эмоциянын пайда болушунда сырткы таасирди, тубаса өзгөчөлүктү анализдөөгө аракеттенген, бирок булл суроону толук чече алган эмес. Б. Прейердин китеби врачтарды, педагогдорду, ата-энелерди кызыктырган.



Балдар психологиясындагы атайын изилдөөлөр XҮX жана XX кылымда пайда болгон. XX кылымда балада психиканын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүнүн өзгөчөлүгүнө кызыгуу артат. Теориялык жана эксперименталдык мүнөздөгү көптөгөн эмгектер жарыкка чыгат. А. Биненин "Балдар жөнүндө азыркы учурдагы ойлор" деген эмгеги кызыгууну пайда кылган. XX кылымдын биринчи жарымында баланын психикасынын сапаттуу өзгөчөлүгүн изилдөөгө окумуштууларды кызыктырган көптөгөн илимий изилдөөлөрдө баланын ой процессин, түшүнүгүн изилдеп, калыптаныш факторлорун ачып берүүгө аракеттенишкен.



Бул багытта Жан Пиаже (1896), Анри Валлон (1876-1912) илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн, алардын эмгектери орус тилинде которулган. XX кылымдын экинчи жарымында балдар психологиясында психиканын өнүгүүсүнө диалектикалык мамиле жасоо пайда болуп, психиканын өнүгүүсүн изилдөө ыкмалары белгиленет. Ошол мезгилде П. Ф. Лесгафт, А. Ф. Лазурский, А. П. Нечаев, Н. Н.Рыбников, Н. А. Сикорский ж. б. окумуштуулар психиканын өнүгүүсүн татаал процесс катары карап, өнүгүүдө сандуу жана сапаттуу өзгөчөлүктөрдү ачып берүүнүн зарылчылыгын белгилешкен. А. Ф.Лазурский (1874-1917) психологиялык экспериментти табигый шартта адамдар менен өткөрүүнүн негизин иштеп чыккан.



Белгиленген табигый эксперимент ыкмасы бүгүнкү күндө да илимий изилдөөлөрдө да колдонулууда. Балдар психологиясынын өнүгүүсүн Россияда өткөрүлгөн психологдордун съезддери өз таасирин тийгизген. Психоневрологдордун бүткүл союздук II съезди (1938) психология илимине материалисттик детерминизм принцибин киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мунун негизинде баланын психикасынын өнүгүүсүндө жана жүрүм-турумунда биологиялык шарт гана эмес, социалдык фактор маанилүүлүккө өтөт, б. а. "сырткы себептер, ички шарттар" аркылуу өтүүчү аракет (С. Л.Рубинштейн), "ички аракеттин сырткы шарттар" аркылуу өтүшүн (А. Н.Леонтьев) илимий изилдешкен. Балдар психологиясынын өнүгүүсүндө П. П.Блонскийдин илимий изилдөөлөрү өзгөчө мааниге ээ. Ал "Психологические очерки", "Развитие мышление школьников" деген эмгектеринде ой процессин изилдөөнүн атайын методикасын иштеп чыккан жана кенже мектеп окуучусунун акыл активдүүлүгүн өнүктүрүүнүн зарылчылыгын белгилеген.



П. П.Блонский (1884-1941) баланын акылынын активдүүлүгүнө жана чыгармачылыгына чоң маани берген. Анын "Память и мышление" ж. б. көптөгөн эмгектери бүгүнкү күндө психология илими үчүн маанилүү. Балдар психологиясынын өнүгүүсүндө Л. С.Выготскийдин эмгектери чоң мааниге ээ. Л. С.Выготский баланын айрым психикалык процесстеринин пайда болуп өзгөрүшүн окуу иш-аракети менен байланыштуу изилдеген. Ал өзүнүн эксперименталдык изилдөөлөрүнүн негизинде баланын речинин өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгүн анализдеп ачып көрсөткөн жана айлана-чөйрөнүн психиканын калыптанышышна тийгизген таасирин илимий кеңири түшүндүрүүгө аракеттенген. Балдар психологиясынын проблемаларын өнүктүрүүчү окуунун негизинде чечүүдө Л. С.Выготскийдин салымы чоң. "Мышление и сүйлөө", "Развитие высших психических функций" ж. б.эмгектеринде эң чоң эксперименттик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы берилген.



Анын жетекчилиги астында ойлоонун өнүгүүсү, кыялдануу процесстери жана көңүл буруу илимий негизде изилденген. Л. С.Выготскийдин илимий көз карашын психологдор А. Н.Леонтьев, А. В.Запорожец, Д. Б.Эльконин ж. б. улантышкан. Ошол эле мезгилде Ленинградда С. Л.Рубинштейндин жетекчилиги астында балдар психологиясы боюнча изилдөө жүргүзүлгөн.



С. Л.Рубинштейн психиканын өнүгүүсүндө сырткы себептер, ички себептер аркылуу таасир этет деген мыйзам ченемдүүлүктү белгилеген. Мисалы, айлана-чөйрөнүн психиканын өнүгүүсүнө таасир этиши. С. Л.Рубинштейн "Основы общей психологии" деген эмгегинде психиканын калыптануу проблемасына кеңири токтолгон. С. Л.Рубинштейндин ою боюнча балдардын жетилүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн окуу-тарбия процессинде өтүшү психиканын өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн көрсөтөт.



Баланын жетишкен деңгээли менен жаңы билимдерди өздөштүрүүдөгү ички карама-каршылык психиканын өнүгүүсүн кыймылдаткыч күчү болот. Психиканын өнүгүүсүн түшүндүрүүдө аң-сезим менен иш-аракеттин бирдиктүүлүгүн ачып көрсөткөн. Мектеп жашына чейинки баланын оюн иш-аракети, эрте жаш курактагы жана мектеп жашына чейинки баланын психологиясы Н. А.Менчинская, А. А.Люблинская, Д. Б.Эльконин, А. В.Запорожец тарабынан изилденип системалаштырылган.



Психолог Н. А.Менчинская баланын психикасынын өнүгүүсүн илимий изилдеген. Анын жүргүзгөн илимий иши байкоолору врачтардын ж. б. окумуштуулардын күндөлүк байкоолорунан илимийлиги, системалуулугу менен айырмаланган. Н. А.Менчинская 1948-1957 жылдары жазган күндөлүгүндө өзүнүн баласынын ымыркай кезинен 8 жашка чейин психикасынын өнүгүүсүн толук чагылдырган. Ал баланын психикасынын, жөндөмдүүлүгүн, өнүгүүсүндө сезимдин пайда болуп калыптанышында окутуунун элементинин маанисин белгилеген. Баланын төрөлгөн күнүнөн мектеп жашына чейинки курактагы баланын психикасынын өнүгүүсүн илимий теориялык деңгээлде В. С.Мухинанын "Детская психология" деген китебинде кеңири ачылган.



Белгиленген окуу китеби окумуштуулар, окутуучулар, тарбиячылар үчүн өзгөчө баалуу, анткени китептеги материалдар программалык талапка ылайык системалаштырылган. В. С.Мухина өзүнүн эгиз балдарына жүргүзгөн күндөлүк байкоолорунун негизинде Андрей менен Кириллдин психикасынын өнүгүүсүнүн бардык жактарын, нравалык сапаттарын, жүрүм-турумунун өзгөчөлүгүн "Близнецы"аттуу китебинде толук илимий багытта ачып берген. Автор эгиз балдардын өнүгүү этаптарындагы активдүүлүгүн, аларда байкалган жекече өзгөчөлүктөрдү белгилейт. Д. Б.Эльконин "Психическое развития в детских возрастах" (6,66-86) деген илимий эмгегинин жыйнагында балдар психологиясынын негизги суроолорун курагы боюнча мезгилдерге бөлүштүрүү, психиканын өнүгүү концепциясы, психиканын оюнда, окутууда өнүгүүсү терең анализденип иштелип чыккан. Москвадагы Педагогикалык илимдер академиясынын мектепке чейинки тарбия берүү институнда А. В.Запорожецтин жетекчилиги астында Д. Б.Эльконин, А. П.Усова, Н. Н.Поддъяков мектепке чейинки балдардын ар кандай иш-аракетте психиканын өнүгүүсүнө көрүү, угуу аркылуу кабыл алуусунун тийгизген таасирин "Сенсорное воспитание дошкольника"(60,30-57) деген китебинде эксперименталдык изилдөөлөрдүн натыйжасын талдап иштеп чыгышкан.



Көрүнүктүү психологдор Д. Б.Эльконин, А. В.Запорожец, Н. Н.Поддъяков, Л. А.Венгер, В. Г.Зинченко балдар психологиясында психиканын өнүгүүсүн изилдөөнүн натыйжасында бай эксперименталдык материалды жыйноо менен катар, аны балдар бакчасында педагогикалык практикада пайдаланууга жетише алышты. Акыркы жылдарда Россиядагы психологиялык борборлордо балдар психология боюнча илимий эксперименталдык изилдөөлөр көп жактуулугу менен өзгөчөлөндү.

Сайтка жарнама жайгаштыруу