Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынындагы герминалдык мезгил

Баш барак | Психология | Балдар психологиясынындагы герминалдык мезгил

Уруктануу болгондон кийин бир нече саатттан кийин зигота фаллопиевалык түтүкчө аркылуу жатынды көздөй жылып бөлүнө баштайт. Ал эки клеткага бөлүнөт, андан төрт клетка бөлүнөт, андан 8, анан 16, ошентип, 6- күндүн аягында 100 клеткага жетет. Биринчи жуманын аягында бөлүнгөн клеткалардан бластоциста калыптанат. Бластоциста фаллопиева түтүкчөсү аркылуу жатынды көздөй жылып турат. Бул учурда клеткалардын дифференциация процессии башталат, б. а. алар өздөрүнүн болочок функцияларына карай группага бөлүнүшөт. Бластоцистанын ички клеткаларынан түйүлдүк диски пайда болот, андан эмбрион өнүгөт.



Калган клеткалардын эмбрионду каптоочу жардамчы структуралар жана коргоочу кабыкчалар калыптанат. Уруктануунун 6-күнүндө бластоциста азыктануучу заттарды табуу үчүн майда кан тамырларды жаруу менен жатындын бетине жайгашууга киришет, б. а. имплантация жүрөт. Бул процесс бойго бүткөндүгүн билдирип, аялдын организминде гормоналдык өзгөрүүлөрдү жаратат. Айрым учурларда мындай процесстин негизинде алгачкы бөлүнүүдө окшош эки өз алдынча өнүккөн организм пайда болушу мүмкүн. Мындан монозиготтуу бир карындуу эгиздер төрөлөт.



Бул эгиздер бир клеткадан өнүгүшкөндүктөн бирдей жыныстагы, бирдей физикалык өзгөчөлүктөгү балдар болушат. Дизиготтуу эгиздер эки башка урук клеткаларынын уруктануусунун негизинде төрөлгөн балдар. Алар эки башка мезгилде төрөлгөн бир туугандарга окшош, демек карама-каршы жыныстагы же болбосо бирдей жыныстагы балдар төрөлө берет.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 700, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу