Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынындагы өнүгүүдөгү сензитивдүүлүк

Баш барак | Психология | Балдар психологиясынындагы өнүгүүдөгү сензитивдүүлүк

Баланын жашына ылайык окутуунун ар түрдүүлүгү, тандалмалуулугу, билүүнүн жогорулашы менен айырмаланат. Белгилүү жаш куракта психиканын өнүгүүсүнө окутуу таасир этет. Мындай мезгил өнүгүүнүн сензитивдүү курагы деп аталат. Баланын сүйлөө речинин сензитивдүү мезгили белгилүү.



Бир жарымдан үч жашка чейинки куракта сүйлөө жеңил өздөштүрүлөт, баланын жүрүм-турумуна жана кабыл алуу, ой сыяктуу психикалык процесстерге негиздүү өзгөрүүлөрдү киргизет. Кандайдыр бир себептерге байланыштуу бала үч жашар мезгилге чейин сүйлөбөсө, кийинчерээк сүйлөөнү өздөштүрүүсү көптөгөн кыйынчылыктарды пайда кылат. Баланын тилинин кеч чыгышы анын психикасынын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат.



Аларда көптөгөн иш-аракетте жана психикалык процесстердин өнүгүүсүндө артта калуу байкалат, ойдун жана кабыл алуунун өнүгүүсү кечигет. Бул белгиленген кемчиликтерди жоюуда баланы сүйлөөгө үйрөтүүдө жана өнүгүүнү башка жактарын камсыз кылууда талыкпаган педагогикалык эмгек зарыл. Окутуунун жаңыдан калыптана баштаган психикалык сапаттарга таасир этиши, өнүгүүнүн сензитивдик мезгилинин болушу менен түшүндүрүлөт. Бул мезгилде калыптанган сапаттарды кайрадан өзгөртүүгө караганда жаңы түзүлө баштаган сапаттарга таасир этүү жеңил өтөт.



Азыркы мезгилде окутуунун бардык түрүндө сензитивдик мезгил аныкталган эмес. Мектепке чейинки куракта кабыл алуунун, образдуу ойдун өнүгүүсүнө таасир эткенде окутуунун бардык түрлөрү сензитивдүү (сезимтал) экендигин аныктаган фактылар бар. Психиканын өнүгүүсүнүн негизги мазмуну болуп, ички психикалык каражаттарды иш жүзүнө ашыруу же аткаруучу аракеттер саналат. Бул аракеттер сырттан белгиленген аракеттерден келип чыгат. Балдардын тигил же бул аракеттерди өздөштүрүүсүндө, алардын керектөөсүнө жана кызыгуусуна ылайык келген белгилүү бир иш аракетке катышуусу зарыл.



Мындай мыйзам ченемдүүлүктү билүү окутууда баланын психикасынын өнүгүүсүнө белгилүү деңгээлде көмөк көрсөтүүчү шартты, аныктоого мүмкүндүк берет. Демек окутуу психиканын өнүгүү шарты боло алат. Балдарда аткаруучу каражаттарды иш жүзүнө ашыруу аракеттеринин калыптанышына өзгөчө көңүл буруп жана аларды жаш куракка ылайык толук пайдаланууга тийиш. Окутуудагы өнүгүүнүн борбордук бөлүгү болуп, балдар мектепке барганга чейинки оюн, сүрөт тартуу иш аракетинде аткарылуучу каражаттарды иш жүзүнө ашырууну калыптандыруу аракеттери саналат. Бул аракеттер заттардын касиети жана кубулуштарды анализдөөгө оюнда жүрүм-турумду, сүрөт тартууда, чаптоодо ой-пикирлерди бере билүүгө багытталат.



Баланы иш-аракетинин түрлөрүнүн практикалык бөлүгүндө (сүрөт тартуунун каражаты, заттарды жана оюнчуктарды пайдаланууда) аракеттерди системалуу үйрөтүү зарыл, ансыз иш-аракет аткарылбайт. Бирок бул аткарылуучу каражаттардын калыптанышы менен байланыштуу каралат. Мындай өзгөчөлүктү эске албаганда окутуунун деңгээли, баалуулугу төмөндөп өнүктүрүүчү мааниси жеткиликтүү болбойт. Айрым ата-энелер жана балдар бакчасынын тарбиячылары окутууда баланы даяр үлгүнү тууроого машыктырууга аракеттенишет. Баланы тарбиячынын берген үлгүсү менен сүрөт тартууга үйрөтүп, ал түгүл ойногондо тигил же бул ролду аткарууда алардын жүрүм-турумун чектегени байкалат.



Баланын өз алдынчалыгынын чектелиши кабыл алып, ой жүгүртүүнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылса, экинчи учурда баланын таанып-билүүсүн багыттап активдештирүүгө мүмкүндүк бербейт. Баланы өз алдынча таанып-билүүгө, заттардын касиеттерин салыштырып, корутундулоого үйрөтүүдө белгиленген милдеттерди татаалдаштыруу маанилүү орунга ээ. Мындан тышкары иш-аракеттин бардык түрлөрүнө өз алдынча сүрөт тартууда, ролдук оюндун мазмунун ача билүүдө чыгармачылыктын элементтин балдарга бере билүү маанилүү. Бул мезгилде иш-аракеттин чагылдыруучу жана чыгармачыл жактары бири-бирине карама-каршы болбостон, тескерисинче биринчисининин өркүндөшү, экинчисинин калыптанышынын негизи катары кызмат кылат. Бала заттардын жана кубулуштардын өзгөчөлүктөрүн канчалык жеңил жана туура кабыл алып, сүрөттө чагылдырса, анын чыгармачыл ой-пикирди түзүп, турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгү жогору.



Бирок баланын иш-аракетинин түрлөрү жети жашка чейин ага зарыл билимдерди жана көнүгүүлөрдү өзүнө сыйдыра албайт. Ошондуктан, балдар бакчасында окутуунун түрү катары оюн ыкмаларын, сүрөт тартууну ж. б. кеңири пайдалануу менен катар, балдарга акырындык менен жаңы нерселерге үйрөтүү максатында окуу тапшырмалары берилүүгө тийиш. Окуу милдеттеринин аткарылышы алардын кызыгуусунун пайда болушуна негизделет.



Окуу милдеттери математиканын элементтери, жаратылыштын кубулуштары ж. б. менен тааныштырууга багытталат. Бардык учурда окуу иш-аракетинде өнүгүүнүн принциби толук сакталат, биринчиден аткарылуучу каражаттарды иш жүзүнө ашыруу аракеттеринин калыптанышы үчүн кам көрүлөт. Мисалы, математиканы окутуунун элементтин өтүүдө баланы сандык мамилени бөлө билүүгө – үйрөтүү негизги мааниге ээ. Белгиленгендей, аткарылуучу каражаттарды иш жүзүнө ашыруу аракеттеринин калыптанышы аларды сырткы формада өздөштүрүүдөн башталып, кийинчерээк интериоризациянын натыйжасында сырткы аракеттер, ички психикалык процесске өтө баштайт.



Ошондуктан окутууда өнүгүүнү тигил же бул тапшырмаларды аткарууда көмөк көрсөткөн сырткы каражаттарды жана ыктарды пайдалануунун жолун иштеп чыгууну болжолдойт. Пирамиданы чогултууда аны иш жүзүндө аткаруудагы баланын сырткы аракеттеринин, шакекчелерди бири-бирине ченөө менен чектелсе, кийинчерээк, ал керектүү шакекчелерди көрүп тандоого өтөт. Сүрөт тартууда, чаптоодо жана башка окуу тапшырмаларын аткарууда бала сырткы аракеттердин жардамы менен ар кандай чен бирдиктерди пайдаланып заттардын касиетин аныктоого үйрөнүшөт.



Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 1674, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу