Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдарды балдар адабияты менен тааныштыруу

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдарды балдар адабияты менен тааныштыруу

Баштапкы билим берүүнүн негизги максатынын бири сүйлөгөнгө үйрөтүү, сөз байлыгын өнүктүрүү. Азыркы учурда бул максаттын мааниси абдан кеңейди, анткени радиодон берилген, телекөрсөтүүдөн көргөзүлгөн реклама балдарды керектүү сөздөргө үйрөтпөйт. Мектептеги балдар жөнүндө айтпай эле коёлук. Жогорку окуу жайында окуйм - деп келген улан кыздардын арасында оюн толук түшүндүрө албаган, сөз байлыгы жокко эсе, тилдин нормасына туура келбеген сөздөрдү колдонгондор аз эмес. Мурун кыргыз тилине анча маани берилбей келгендиги баарына белгилүү. Анын натыйжасында кыргыз тилинде таза сүйлөгөндөр да сейрек учурайт. Ошондуктан балдарга эне тилинде таза сүйлөгөндү жашынан үйрөтүү зарыл. Балдарга арналган атайын көркөм адабиятты окуп берүү балдардын сөз байлыгын өстүрөт. Күчтүү эске тутууга жөндөмдүү болгон балдар аларды тез үйрөнүп жаттап алат. Жомокторду окуп бергенде балдар адеп-ахлактарды өздөштүрөт, анткени жомоктордо оң жана терс каармандар жөнүндө баяндалат, алар жөнүндө түшүнүктөр берилет.

Ошону менен бирге дүйнө миң түрлүү кызыктуу экени дагы бир жолу далилденет. Ырларды окуганда баланын эске тутуусу андан ары күчөйт, сөздүн кооздугун сезе баштайт. Эгерде ата - эне жатка көп ырларды билсе, аларды көркөмдөп окуй алса, анда баланын акыл - эсинин өөрчүшүнө чоң жардам болот. Аңгемелер болсо, балага жаңы маалымат берип анын билимин өөрчүтөт. Балдарга тамсилдерди да окуп берсе болот. Аларды бала ошол замат түшүнбөсө да, адабий салыштырма ыкмаларга үйрөтө баштайт. Бул темадагы сабактарды жалпылап, төмөнкү жыйынтыкка келсек болот: - балага билим берүү үй-бүлөдө башталат; - баштапкы билим берүү - ата-эненин милдети - балдардын билим алууга муктаждыгын канааттандырбаса, ал келечекте өзүнүн ордун таппай, ойдогуда турмушка жетише албайт; - канчалык ата-эне билимдүү болсо, канчалык балага билим берүүгө аракеттенсе, ошончолук баланын акыл-эсинин өөрчүшү тез жана ийгиликтүү болот.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1101, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу