Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдарды тарбиялоодогу үй-бүлөдөгү психологиялык климат

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдарды тарбиялоодогу үй-бүлөдөгү психологиялык климат

Үй-бүлө мүчөлөлөрүнүн каалоолорун жана бир нерсеге болгон жөндөмдүүлүгүн түшүнө билүү кандай гана үй-бүлө болбосун психологиялык климаттын негизи болот.

Психологиялык климат — бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн психологиялык абалдарынын, мамилелеринин жана маанайларынын жыйындысы. Биз психологиялык климаттын эки жагын билебиз: ыңгайлуу жана ыңгайсыз. Ыңгайлуу жолу үй-бүлөнүн бири-бирине болгон түшүнүүсү, бири-бирин колдоосу.

Ыңгайлуу шартЫңгайсыз шарт
Туура түшүнүүТүшүнбөөчүлүк
КолдооӨз ара мамиленин жоктугу
Туура мамилеЫнтымактын жоктугу
Ар бири өз ордун билүүӨзүмчүлдүк
ЖардамдашууКөңүл коштук
БоорукердикКайдыгерлик

Үй-бүлөдөгү маанай балдар үчүн эң маанилүү. Балдардын тарбияланышында үй-бүлөдөгү ыңгайлуу, ыңгайсыз шарттар маанилүү орунду ээлейт. Үй-бүлө дегенибиз, жаш муунду тарбиялоодо адамдардын бактысын, келечегин камсыз кылууга жардам берүүчү чакан жаамат. Бул болсо, өз ара моралдык жоопкерчиликти жана өз ара ишкердүү жардамдашууну талап кылат. Адамдар өз өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн үй-бүлөдө өткөрүшөт. Үй-бүлөдө ыңгайлуу психологиялык климат өтө маанилүү.

Үй-бүлө бактысынын негизин дал ушул климат түзөт. Психологиялык климатты аныктоочу факторлор:

  1. Боорукердик, ишке сын көз менен кароо, өзүн-өзү сыйлоо.
  2. Кызыкчылыктардын жалпылыгы.
  3. Коомдук чоң проблемалар жана мүдөөлөр.
  4. Бакыт — бул акыл жана кара күч эмгегинин коомдук колдонулушун сезе билүү.
  5. Өзүнө ишенүүчүлүк.
  6. Үй-бүлөдөгү ишеним
  7. Токтоолук.
Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 2072, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо