Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдардын алака түзүүсү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдардын алака түзүүсү

Жаш адамдын ички жан дүйнөсүнүн калыптанышында үй-бүлө үчүн үч нерсе зарыл: ишеним, сый, чыдамдуулук. Бул үч өз ара сезим, баланын ата-энеге, ата-эненин балдарга болгон мамилелери, ошондой эле балдардын кулк-мүнөзүнүн калыптанышы, ата-эненин балага болгон сүйүүсү жана өздөрүнүн бири-бирине болгон сый-мамилеси. Кыргызда мындай сөз бар: “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”. Баланы тарбиялоо эненин эң ардактуу жана жооптуу милдети. Атанын милдети да андан кем эмес. Балдарды тарбиялодо ээн коюп койгондук, кайдыгерликке жол берүү да жарамсыз нерсе. Анткени өзүнүн кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму боюнча балдар бири-биринен айырмаланып турат. Алардын кээ бирлери тайманбаган, өткүр болсо, башкалары уяң, жоош, тартынчаак. Бири шамдагай болсо, экинчиси кыбыр болот. Балдардын моралдык сапаттарын тарбиялоо татаал иш болуп саналат.

Ошондой болсо да аракет зор болсо ар бир ата-эненин колунан келет. Балдар өздөрүн курчап турган чоң кишилердин кылыгын тууроого аракеттенишет. Алар көпучурда эмне жакшы, эмне жаман экенин айырмалай алышпайт. Ошондуктан ата-эненин балдарды үй-бүлөдө тарбиялоосу эң маанилүү каражат болуп саналат. Эгер ата-энелер балдарын калп айтпоого жана ак ниеттүү болууга тарбиялоого аракеттенишип, өздөрү болсо алардын көзүнчө калп айтса алардын таасири төмөндөйт. Балдардын адептүү болуп өсүшүнө төмөндөгүлөр кирет: сылыктык, сыпаалык, кичипейилдик, элпектик, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо. Адамдардагы мындай жакттты сапаттар элдин салтында, үрп-адатында калыптанып, өркүндөп келе жатат.

Ар бир элде өз салтына жараша адеп, тарбия эрежелери бар. Бул эрежелерди өзүбүздүн балдарга үйрөтүүбүз зарыл. Өзгөчө кыргыз элинин кичипейилдигин, баатырдыгын, жоомарттыгын балдарыбызга үйрөтүп, кыргыз элинин каада - салтынын негизинде тарбиялап, Улуу Манастын осуяттарын эске салышыбыз керек. Дүйнө жүзүндө ар түрдүү элдер бар. Ар бир элди, улутту бири биринен айырмалап, өзгөчөлөптурган нерселери бар. Булар ар бир элдин тили, дили, каада-салты, кулк - мүнөзү. Кыргыз элинин каада-салты миңдеген жылдардан бери түптөлүп, калыптанып атадан балага, муундан - муунга өтүп келе жатат. Каада-салт - кыргыз элинин жүзү. Келечек муундарыбызды тарбиялоодо өзүбүздүн элибиздин жакшы үрп-адаттарын, каада-салттарын, маданиятын үйрөтүүбүз зарыл. Кийинки мезгилде азыркы учурга ылайык жаштардын кулк - мүнөздөрү, жүрүм-турумдары, жашоо - шарттары өзгөрүүдө. Ошондуктан биз өзүбүздүн келечек жаш муундарыбызды улуттук каада-салттарыбыздын негизинде тарбиялайбыз. Байыртан ата-бабаларыбыз кыргыз элинин меймандостугу, жоомарттыгы, эр жүрөктүүлүгү менен сыймыктанып келген.

Бул үчүн балдарыбыз адептүү, ыймандуу болушу керек. Ушул сапаттардын баары биригип келип адамды туура жолго чакырат. Балдарды тарбиялоодо ата-эненин ролу чоң.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 983, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо