Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдардын иш-аракетинин натыйжасын үйрөнүү ыкмасы

Баш барак | Психология | Балдардын иш-аракетинин натыйжасын үйрөнүү ыкмасы

Иш-аракеттин продуктасы балдардын тарткан сүрөтү, чаптаган көркөм иши, жаттаган ыры, айткан жомогу ж. б. Алардын бардыгы изилдөөчү үчүн маанилүү боло бербейт. Чоңдордун көрсөтмөсүнө байланыштуу баланын аткарган иш-аракети анын мүмкүнчүлүгүн, ынтаалуулугун, жүрүм-турумун аныктоого шарт түзөт. Айрыкча баланын өз каалоосу менен тарткан сүрөтү маанилүү. Балдардын тарткан сүрөтү алардын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө бай материал катары баалуу. Сүрөттөрдө баланын кабыл алуусунун өзгөчөлүгү, элестетүүсү, предметтерди бере билүүсү чагылдырылат. Балдардын сүрөтү алардын акыл деңгээлинин өнүгүүсү жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берет.



Балдар боёкторду тандоо менен айлана-чөйрөгө болгон мамилесин чагылдырат. Айрым учурда жомоктордун терс каармандарын кара түс менен беришет. Иш-аракеттин натыйжасын изилдөөдө баланын кандайча иштегенин көрө билүү мүмкүн эмес. Жалаң гана баланын иш-аракетинин берилгендерин негиз катары кароого болбойт. Анткени иш-аракеттин аткарылышы шартка байланыштуу чагылдырылат.



Мисалы, беш жашар баланын сүрөтүндө адамдардын турпаты айрым сызыктар түшүнүксүз чиймелер менен берилген, анткени ал жомоктогу жоокерлерди элестетип түшүргөн. Ошондуктан мындай учурда иш-аракеттин жүрүшүндө байкоо жүргүзүү керек. Баланын сүрөттү чаптаган иши эксперименттин ар кандай түрүнө байланыштуу пайдаланылат.



Заттардын формасын кабыл алуусунун өнүгүүсүн изилдөөдө балдарга үлгү боюнча чаптоонун татаал түрүн даярдоо тапшырмасы берилгенде кабыл алып, кайра чагылдыруунун тактыгы байкалган.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 583, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу