Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү

Эркек балдар дене түзүлүшү жагынан да, психологиялык жактан да кыздарга караганда бир канча жайыраак өсөт. Мурунку сабактарда балдардын дене жактан өсүп өөрчүшү жөнүндө сөз болгон соң бул сабакта балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз болот, анткени билим алуу менен психикалык ден - соолуктун ортосунда тыкыс байланыш бар. Эркек балдардын тили орто эсеп менен кыздарга караганда 2-4 ай кийинирээк чыгат. Адамдардын ортосунда өз ара мамилелерге байланыштуу көп түшүнүктөр да аларда бир кыйла кечирээк пайда болот. Мектепте окуган балдар кыздарга караганда адатта, азыраак даярдык менен келишет. Балдарда жоопкерчилик, ак ниеттүүлүк, аткаруучулук сыяктуу сапаттар жайыраак жана кыйынчылык менен өнүгөт, туура тарбия берилген шарттарда да бул сапаттарды балдарда өнүктүрүү орточо алганда кыйыныраак болот. Эркектердин кызыкчылыгы жана ынтаасы көп учурда бир кыйла азыраак жактагы нерселерге жана кубулуштарга, кээде баланын, өспүрүмдүн же уландын түздөн-түз милдеттерине кирүүдөн алыс турган нерселерге багытталган.

Ушундан улам эркек балдар өзүнө талап кылынган иштер менен эмес, тиешеси болбогон иштерге көбүрөөк алаксып кетет. Убакыт менен мейкиндикти кабылдоодогу айырмачылык да билинип турат. Аялзатын адамга түздөн-түз тиешелүү нерселер - үй шарты, чөйрөсү катыша турган адамдар өзүнө көбүрөөк тартат, эркектерди болсо буга анча тиешелүү болбогон нерселер көбүрөөк кызыктырат. Эркек балдарга салыштырмалуу кыздар баарлашууга, мамилелешүүгө байланыштуу жагдайларда көбүнчө өздөрүн ишенимдүүрөк сезишет жана активдүүлүктү көрсөтүшөт. Башталгыч класстагы эркек балдар окуунун негизги кыйынчылыгынан кыздарга караганда көбүрөөк кыйналат, жоопкерчиликти сезишпейт, ошондуктан мындай кезде булар ата-эненин жардамына абдан муктаж. Өспүрүм жашындагы балдардын активдүүлүгү кыздардын активдүүлүгүнө жакындай баштайт. Балдар менен кыздардын кызыкчылыгындагы жана жөндөмдүүлүгүндөгү айырмачылыктар окуу иш-аракетинде толук кандуу түрдө көрүнөт. Жалпысынан балдардын кызыкчылыгынын чөйрөсү кыздардыкынан кеңирээк.

Мектеп жашындагы балдарды тарбиялоо ата-эне үчүн негизинен кыйыныраак милдеттерден болуп эсептелинет. Балдардын, өспүрүмдүн, уландардын сабак өздөштүрүүсү курдаш кыздарынан төмөн турганы бекеринен эмес. Балдардын арасында зыяндуу адаттар (тамеки тартуу, ичкилик ичүү, уят сөз сүйлөө) көбүрөөк тараган, алар укукту да көбүрөөк бузушат. Ошондуктан жаш муундарды туура тарбиялоого кызыккан ата-энелердин ар бири психологиялык курак жана жыныстык өзгөчөлүктөрүн билүүсү жана аны практикалык иште эсепке алуусу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 939, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу