Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдардын тарбиясындагы кыргыз адабиятынын мааниси

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдардын тарбиясындагы кыргыз адабиятынын мааниси

Кыргыз адабиятынын пайда болушу жана өнүгүүсү чоң кишилерди гана эмес балдарды да Ата Мекенди сүйүүгө, эмгекчилдикке, элдик салт-санааны билүүгө тарбиялап, балдарга дайыма адеп-ахлактык таалим берип келген. Эл турмушунун олуттуу жагдайларынын бардыгы негизинен кыргыз көркөм адабияттарында чагылдырылган. Анда кыргыз элинин өткөндөгүсү жана азыркысы баяндалган. Дал ошондуктан ал жашоо-турмуштун өз алдынча жана түшүнүктүү окуу китеби катары кызмат кылат. Кыргыз адабиятынын балдар жана өспүрүмдөр үчүн тарбиялык багытын да өзгөчө белгилөө керек. Ал түрдүү курактык топтор үчүн арналып, алардын түшүнүү жана адабий чыгармаларды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүнө жооп берет. Үй-бүлөлүк жана мектепке чейинки тарбия жана билим берүүдө элдик оозеки чыгармачылык менен катар эле мектепке чейинки курактагы балдар үчүн кыргыз жазуучуларынын чыгармалары чоң мааниге ээ болгон. Мындай чыгармалар балдарды өзгөчө улуттук артыкчылыкка тарбиялаганга көмөк берет. Кыргыз балдар адабиятынын тарыхында балдар үчүн мыкты чыгармаларды жараткан белгилүү жазуучулар менен акындардын ысымы жазылып калган. Алар: Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов, Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, Насирдин Байтемиров, Түгөлбай Сыдыкбеков, Омор Султанов, Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Чыңгыз Айтматов жана башкалар.

Алардын чыгармаларынын тематикасы да ар түрдүү. Буларда жүрүш - туруш, этика эрежелеринен баштап, коомдук түшүнүктөр - патриоттуулук, атуулдук, гумандуулук, улуттар аралык макулдашуучулуктун баамдалган сезимдерине чейин жашоо - турмуштун бардык жактары чагылдырылган. Мекенди сүйүү, жаратылыш менен шайкеш болуу, эмгекчилдик жана билимге умтулуу, бул кыргыз балдар адабиятынын башкы темасы. Балдар адабиятынын өнүгүшүнө жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев жана акын Муса Жангазиев көрүнүктүү салым кошкон. Ш. Бейшеналиевдин “Чыныгы достук”, “Сарбайдын уулу”, “Ак тайлак” сыяктуу чыгармаларында ата-эне менен болгон мамиле жөнүндө сөз болот, жаш каармандардын мүнөздөрү ачылып берилет, адеп-ахлактык жана татыктуу жашоо образы жөнүндө көз караштар чебер сүрөттөлөт.

М. Жангазиев түрдүү курактагы балдарга арналган кара сөз жана ыр менен жазылган ондогон китептердин автору. Анын “Ак козу”, “Табышмактуу таш”, “Бала менин өмүрүм” деген чыгармалары балдар менен кесиптик байланышы барлардын бардыгынын тарбия берүү ишиндеги дайыма колдонуучу китепчелеринен болуп калган. Кыргыз жазуучуларынын, акындарынын чыгармалары менен балдарды тааныштырып, аларды окуп жана балдар менен бирге талкууласа балдардын тарбияланышына чоң көмөк көрсөтөт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1073, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо