Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдарга жаш өзгөчөлүгүнө жараша иш бөлүп берүү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдарга жаш өзгөчөлүгүнө жараша иш бөлүп берүү

Курак өзгөчөлүктөрдү эске албай туруп жаш балдарга бирдей талаптарды коюу кыйноо болуп саналат. Мектепке чейинки балдарды эмгекке тарбиялоонун мааниси аларды колунан келген ишти так, жыйынтыктуу жасай билүүгө үйрөтүүнүн башаты. Ошондон улам чоңдордун ишине оң мамиле кылуу сезими ойгонот. Ушул жаштагы балдарга өз төшөгүн жыйноо, бөлмөнү иретке келтирүү, дасторконду жыйноо өңдөнгөн жеңил-желпи жумуштарды тапшыруу керек. 7 жаштан 10 жашка чейинки балдардын эмгегин бөлүштүрүүдө оорураак эмгекке аздыр-көптүр күчү толуп калган болот. Бул жаштагы балдарды короо-жай иштерине (тазалоо, айдоо, себүү), мал короо тейлөөгө тарта баштоо оңтойлуу.

Орто жаштагы же 11-15 жаштагы балдарды тарбиялоо баарынан кыйын. Бул жаштагы балдар ата-энесинин өзгөчө көңүл буруусун талап кылышат. Мындай өткөөл курактагы жаш жеткинчектердин шар мүнөзүн бир нукка салуу албетте оңой болбойт. Айрыкча ата-энелердин болоор-болбос нерсени талап кылып куру кыйкыра бергени балдарга катуу тийет.

Жаш өспүрүмдөргө мамиле кылуунун формаларын өзгөртүп туруу жана бүткүл тарбиянын өзөгүн жалаң гана тыюу салууга негиздебеген зарыл. Бул учурда ата-энелер өтүнүч менен көп кайрылышса, алар менен кеңешсе жана аларга ар кандай кырдаалдагы маселелерде ишеним көрсөтүү менен мамиле кылышса булардын баары алардын жүрүш-турушуна жагымдуу таасир этет. Ушул жаштагы балдарды айыл чарба жумуштарына көбүрөөк аралаштырып туруу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 725, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу