Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балет

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Балет

Ак куу көлү... П. И. Чайковскийдин музыкасы ойнолгондо, канатын кага муңканган ак куунун жаркын элеси көз алдыңа тартыла түшөт. Ак куунун канаттары дегенибиз балеринанын дилдирете күүлөнгөн назик колдору эмеспи. П. И. Чайковскийдин Ак куу көлү, Уйкудагы сулуу, Щелкунчик балеттеринде махабат, романтика, поэзия дүйнөсү көтөрүңкү маанайда жандандырылып, бийдин ийкемдүү, женил тили менен айтылат. Ар бир балеттин темасы, идеясы болот. Ал идеяны композитор музыка менен түшүндүрсө, балетмейстр бийдин тили аркылуу туюнтат. П. И. Чайковский Уйкудагы сулуу балетинин музыкасында Сирени менен Карабостун образдары аркылуу жакшылык менен жамандыктын ортосундагы күрөш темасын чагылдырган. Балеттин музыкасынан жакшылыктын жеңип чыгып, салтанат курушунун гимни угулат. С. С. Прокофьевдин Золушкасында кайрымдуу, эмгекчил, карапайым, бардык кыйынчылыктарды жеңе билген кичинекей кыз Золушканын тазалыгы менен асылдыгы баяндалат.

А. И. Хачатурян өзүнүн Спартак балетинде зомбулук менен кара ниеттикке кыжырдануу менен наалат айтып, элдин эркиндикке умтулуусун, боштондук үчүн күрөшүүдөгү баатырдыгын, эрдигин даңазалайт. Ошентип балет деген эмне? Бул музыкалуу театр өнөрүнүн татаал түрү. Сценарий, музыка жана хореография, башкача айтканда бий балеттин негизги бөлүктөрү болуп эсептелет. Бий - балеттеги негизги көркөм каражаттардын бири. Бий аркылуу каармандардын кулк-мүнөзү, ой-сезими, маанайы, кыймыл-аракети, балеттин мазмуну ачылып берилет. Ошондой эле балетте кайсы бир окуянын орду менен мезгилин сүрөттөөдө декорация, сахнаны түрдөнтүп туруучу ар түрдүү жарыктар, артисттер кийүүчү кийимдер да чоң роль ойнойт.

Кыргызстанда балет классикалык бийдин системасын өздөштүрүү, эл турмушун жана үрп-адатын үйрөнүү негизинде келип чыккан. Кыргыздын туңгуч балети Анар улуттук балет өнөрүнүн саамалыгы болуп калды. Чолпон балети да чоң ийгилик менен коюлуп, Советтер Союзуна жана чет мамлекеттерге таанылган. Кыргыздын Б. Бейшеналиева, Р. Чокоева, Ч. Жаманова сыяктуу бийчилери, Н. Түгөлөв, У. Сарбагышев, Ч. Базарбаев жана башка балетмейстерлери кыргыз балетинин өсүшүнө зор салым кошушту.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3108, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо