Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Балтабаев Мукаш Руставлет уулу

Балтабаев Мукаш Руставлет уулу(1921- ж. т., Кочкор району, Кочкор айылы) — педагог, педагогикалык илимдеринин доктору (1974), профессор (1977), Кыргызстан УИА (1993), Россия педагогикалык ИАнын (1968) корреспондент мүчөсү.

1939-ж. Фрунзе педагогикалык жумушчу факультетин бүткөн.

1940—47-ж. Советтик армиянын катарында болгон, 1941—42-ж. Севастополду баатырдык коргоого катышкан.

1948—51-ж. Тбилиси мамлекеттик педагогикалык институтунда сырттан окуп, Грузиянын Гардабан районунун Ново-Ульяновск сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп иштеген.

1951-ж. Кыргызстанга келип, Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтту 1952-ж. сырттан окуп бүткөн.

1951—53-ж. Фрунзе облусундагы Чүй орто мектебинде мугалим, директор, 1953—55-ж. Кыргызстан КП БКнын инструктору, 1955—64-ж. Кыргыз ССР эл агартуу министрлигинде жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн, мектептер башкармасынын начальниги, Фрунзе облустук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы.

1965— 66-ж. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун проректору, 1966—75-ж. КМУнун педагогикалык кафедрасынын башчысы, 1975—80-ж. проректору, 1981—84-ж. Кыргызстан педагогикалык илимий изилдөө институтунун директору, 1984—90-ж. Орус тили жана адабияты институтунда кафедра башчысы, профессор.

1990-жылдан Бишкек шаарындагы бир катар жогорку окуу жайларында профессор-консультациячы болуп иштейт.

Балтабаев педагогикалык иши менен катар изилдөөлөрдү жүргүздү. Анын илимий эмгектери жалпы орто билим берүүнүн илимий педагогикалык проблемаларына арналган.

Балтабаев 100дөн ашык илимий эмгектин анын ичинде "Кыргыз ССРинде «жалпы орто билим берүүнүн өнүгүүсү" (1978), "Кыргыз ССРинде элге билим 60 жыл ичинде" (1983) жана башка моногрaфиялардын автору. Ал "Кыргыз ССРинде педагогикалык ойдун антологиясы" (1988) атту ири эмгекти тузүп чыгарууну жетектеген,"Педагогиканын негизи" (1996) окуу китебин илимий редакциялаган. Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими (1981). 1-даражадагы Мекендик согуш", "Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)