Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Балтырбешик

Балтырбешик — Борб. Теңир-Тоодогу тоо көлү. Акшыйрак жана Борколдой кырка тоолорунун аралыгындагы жайык өрөөндө жайгашкан. Деңиз деңг. 3700 м бийиктикте. Уз. 700 м, туурасы 200–220 м. Аянты 0,12 чарчы/чакырымдей, тереңд. 4 мге чейин. Көлдүн түш.-чыгыш учунан чакан өзөн агып чыгып, Чолоккапчыгай суусуна (Ак - шыйрак суусунун алабы) сол тарабынан куят. Көл өрөөнүнүн төрүндө морена жа - тат. Түбүндө илээшкек бозомтук баткак бар. Көлдүн 2,8 м тереңдиктеги темп-расы 9,8°С, бетиники 10,5°, 40 м тереңдиктегиси 10,5°С, үстүнкү бетинде 10,6°С (июнда). көлөмү 1,671 млн м3. Эң терең жери 10 м. Көл кар жана булак суулары менен толукта - лып, андан Буркан суусу агып чыгат. Көлдүн деңгээли 1,5 мге чейин өзгөрөт. Жээгинин айрым бөлүгү аскалуу, кээ жери жыл мезгилине жараша саздуу. Тунукту - гу 3 м. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)